Version: 1.0

Кечиримдин кадамдары: окууга керектүү жазуулар

Other languages:
More information about Kyrgyz

"Кечиримдин кадамдары" баракчасын кантип колдонуу керек.

Бул баракча ишенгендер үчүн да, ишенбегендер үчүн да иштелип чыккан (ушул себептен биз Ыйык Китепке эч кандай шилтеме берген жокпуз). Анын максаты кечиримдин кандайча иштээрин жана жүрөгүбүздө эч терс нерсе калбагыдай кантип толугу менен кечирүү керек экендигин түшүндүрүү. Кечирүү керек экендигин албетте барыбыз эле билебиз, бирок, чындыгында, мазмунун окуганда эле, көптөгөн адамдар кечирүүгө мотивация алышат. Көптөр теорияны окуп эле тим болот, бирок, биздин максат - аны иш жүзүндө колдонуп, анын күчүн жана эркиндигин сездирүү.

Колдонулуучу сценарийлер:

  • Жараатынан арылууну каалаган адам менен (бул баракчаны, жок дегенде кечиримдин беш кадамдарына чейин окуп чыгууну сунуш кылабыз, ошондо алар эмне кылуу керек экендигин түшүнүшөт).
  • Кичинекей топтордо жана үй чогулуштарында (адегенде сиз иш баракчасын өтүңүз, андан соң калгандарынын көзөмөлдөөсүндө бир адам менен иш түрүндө бардык процесстен өтүңүз)
  • Жыйында боло турган чоң тренинг иш-чараларында (процесстен өтүү үчүн жетиштүү жардамчыларды алып алыңыз).
  • Ишенбегендер тобу менен жайылтуу максатта

Группа ичиндеги адамдар бири-бирин канчалык жакшы билсе жана бири-бирине ишенсе, жакшы ачылып, көйгөйлөрү жөнүндө бөлүшүүлөрү оңой болот. Бул семинарды учурдагы топтор менен өткөрүү жакшы идея экендигин билдирет.

Кечирим деген эмне эмес

Баракчада бош орун чектелүү болгондуктан, биз кечиримдүүлүктүн позитивдүү түшүндүрмөсүнө токтолгубуз келип, биз аны иш барагына киргизген жокпуз. Бирок кечиримдүүлүк деген эмне же эмне эмес экендигин түшүндүрүп кетүү абдан маанилүү болушу мүмкүн.

  • Кечиримдүүлүк элдешүү эмес. Элдешүү жана мамилени калыбына келтирүү мүмкүн болбой калышы ыктымал, мисалы, балким экинчи адам аны каалабайт же жашооңузда ал адамга орун жок. Ал эми кечирүү ар дайым мүмкүн.(Элдешүү- бул эки же андан көп адам бири-биринен кечирим сурап, бири-бирин кечирүү)
  • Кечирүү унутуп коюуу да эмес. Унутуу мүмкүн эмес, бирок кечиргенден кийин эс-тутумдан ал кайгы жоголот.
  • Кечирүү бул адамга мурдагыдай эле ишеним артуу керек дегенди билдирбейт. Кечиргенден кийин коопсуз чектерди орнотуу акылдуулукка жатат (гитаранын окуясын караңыз).
  • Кечирүү килемдин астына шыпырып салууну билдирбейт.
  • Кечирүү "бул чоң иш деле эмес" деп айтуу эмес.
  • Кечирүү алсыздыкты билдирбейт.
  • Кечирүү мыйзамдуу кадамдарды жасабоо дегенди билдирбейт.

Иллюстрациялык окуя: гитараңызды убактылуу колдонууга берүү

Сиздин сонун гитараңыз бар деп элестетели, мен сизге келип: "Гитараңызды бир күнгө алсам болобу?" деп сурадым. Сиз: "Албетте, бирок этият бол" деп жооп бердиңиз. Эртеси гитараны кайтарып берип жатканда, бетиндеги чийиктерди көргөнүңүздө мен: "Балдарың болсо ушундай болот тура. Бирок үнү мурдагыдай эле сонун чыгат” десем. Сиз ачууланып, капаландыңыз. Бирок, акыры, сиз мени кечирүүнү чечтиңиз, анткени ачуулануу пайдасыз экендигин билесиз. Кийинки жумада кайра келип, "Гитараңызды дагы алып турсам болобу?" деп сурадым.
Бул сиздин гитараңыз жана аны мага берүүгө же бербөөгө сизде эркиндик бар. Сиз мени кечирдиңиз, бирок мен гитараңызга кылдат мамиле кылбагандыктан, аны мага балким бербөө чечимин кабыл аласыз!

Бул баракчаны таасирлүү колдонуу

  • Бардыгына иш баракчасынын көчүрмөсүн бериңиз. Же болбосо бир адамга эки көчүрмөнү берсеңиз болот, ошондо анда ким менен бөлүшүшү керек экендиги/же ким менен чогуу ушунун үстүндө иштеши керек экендиги тууралуу ойлонуп, ал үчүн сыйынуусуна мүмкүнчүлүк болот.

Эгерде кээ бирөөнүн эне тили башка болсо, мүмкүн болушунча аларга өз тилиндеги баракчаны да бериңиз.

  • Катышуучулар үзүндүлөрдү үн чыгарып окуп чыгышсын. Суроолорду берүү үчүн ар бир (же ар бир экинчи) үзүндүдөн кийин токтоп, бир нече кеңеш жана түшүндүрмөлөрдү кошуңуз.
  • Убакытты текшерип, акыркы "өзүн өзү текшерүү" бөлүгүн жасоого жетиштүү убакыт калтырыңыз.
  • Катышуучулар бул процессти өздөрү баштан өткөргөндө же сиз башка бирөөнү кечиримдин кадамдары негизинде ар бир кадамдан өткөргөнүңүздү байкаганда мазмунун эң мыкты үйрөнүшөт. Албетте, бул бир топ тажрыйбаны талап кылат, айрыкча, бүтүндөй топтун алдында бирөөнү ар бир процесстен өткөрүп жатканыңызда. Өзүңүздү ыңгайлуу сезип жатканда гана жана эмне кылып жатканыңызды толук түшүнүп жатканда гана бул нерсени кылсаңыз болот! Сизди даярдоону ушул курсту өткөрүп жүргөн тажрыйбалуу адамдан сураныңыз.

Жакшы кеңештер жана иллюстрациялар: баракчаны ар кадам сайын үйрөнүү

Биринчи үзүндүдөн кийин (киришүү)

Биринчи үзүндүдөн кийин кичинекей бир мисал келтирсеңиз жакшы болот. Мисалы: «Сиз жакшы досуңуз менен сырыңызды бөлүштүңүз. Бирок ал ушак айтып, аны башкаларга айтып салды. Сиз абдан ачууланып жатасыз». Биринчи (туура эмес) кадам: Сиз "эч кимге эч качан ишенүү болбойт" деп, терең сырларды башкалар менен бөлүшүүнү токтотосуз. Коргоо катары өзүңүзгө ишенбөөчүлүк дубалын тургузуп жатасыз, бирок мындай кылуу дагы да көбүрөөк зыян келтирет сизге. Экинчи (туура эмес) кадам: сизге кандай зыян кылгандыгын ал адам сезиши үчүн сиз андан өч алууну чечесиз. Сиз андан кантип өч ала алам деп ойлонуп жатып, такыр эле бул нерсенин туткуну болуп, байланып каласыз. Ошондой эле, күнөөгө да батып кетесиз.

Экинчи үзүндүдөн кийин ("Кечирүү деген эмне?")

Суроолорду берип, бардык түшүнбөгөн нерселериңизди тактап алыңыз. Балким “Кечиримдүүлүк эмне эмес” деген үзүндүдөн бир нерсе бөлүшкүңүз келет (жогорудан караңыз). Айрыкча, кечиримдүүлүк менен элдешүү ортосундагы айырмачылык жаңы жана пайдалуу эмеспи.

Үчүнчү үзүндүдөн кийин ("Кечиримдин кадамдары")

Бул үзүндүдөн кийин сөзсүз токтоп, «ушул беш кадамдын кайсынысы сиз үчүн оор?» деп сураңыз. Ар бири жооп бергенге мүмкүнчүлүк бериңиз. Анткени бул алардын жеке жашоосунда кандайча болмоктугун ойлонууга жардам берет. Кичинекей мисал келтирсеңиз болот, же кааласаңыз өйдөдө келтирилген мисалга кайрылсаңыз болот:

  1. Досум менен сырымды бөлүштүм, бирок ал башкаларга менден сурабай эле аны айтып салды.
  2. Мен абдан ачууланып жатам. Чындыгында мен өзүмдү жаман сезип, уялып жатам, анткени азыр бул жөнүндө башкалар да билип калды.
  3. Менден сурабастан, сөз ташып, башкаларга айтып салганы туура эмес болуп калды.
  4. Мен мындай деп сыйына баштадым: "Кудайым, мен Сенин астыңа сот катары келип, досума коюлган айыптарды алдыңа алып келдим: Ал мени ушактап, сырымды менден сурабай башкаларга айтып салды. Азыр аябай ачууланып, өзүмдү жаман сезип жатам".
  5. Азыр мен мындай деп сыйынам: “Макул Кудай, мен бул ишти толугу менен Сага тапшырдым. Мындан ары мен аны соттобойм. Досумду кечирдим".

Төртүнчү үзүндүдөн кийин ("Адилетсиздиктин айыптоосун Кудайга алып келүү")

Көп бир туугандар Кудай менен эч качан мындай сүйлөшүшкөн эмес жана бул алар үчүн кызыктай көрүнүшү мүмкүн. Төмөнкү ойлорду колдоно аласыз: Эгер мен сиздерден: "Кудайдын сот экендигине ишенесизби?" деп сурасам, көпчүлүгүңүздөр макул болосуз. Бирок мен сизден: "Бул сиздин жашооңузда эмнени билдирет?" десем, "Мен өлгөндөн кийин Анын алдына барам, Ал мени соттойт?!" дегенден башка жооп кыла алмак эмес болушуңуз керек. Бул туура, бирок Кудайдын сот экендиги андан да көптү билдирет! Бул жерде практикалык колдонмо бар: биз адилетсиздик боюнча айыптоолорду Кудайга тапшырууга жана Аны менен соттун ролунда чогуу мамилелешүүгө акыбыз бар. Эгер биз эч качан мындай кылбасак, анда Кудайдын ушул касиетин толук түшүнбөгөндүгүбүздү билдириши мүмкүн.

Бешинчи үзүндүдөн кийин ("Дагы кеңештер")

Бул кеңештер боюнча түшүндүрмөлөр:

Жардамчыңыздын колдоосун колдонуу
Бул жерде көйгөй болгон нерсе көп адамдар жакшы жөлөк-таяк боло албайт. Жаман жардамчынын үч жалпы жообу:
  1. Сиз аларга эмне болгонун жана эмне кылганыңызды айтып бергенде, ал сизди соттой башташат: "Эмне дейсиң?! Муну жасадыңызбы?! Бул акылсыз нерсе!"
    → Рахмат, бирок калганын эми сиз менен бөлүшпөйм.
  2. Сиздин мурунку сүйлөшкөн кызыңыз сизди кандайча капалантканы жөнүндө бөлүштүңүз. Алар да мурунку сүйлөшкөн кыздары жөнүндө сиздикине окшош окуяны бөлүшө башташат, атүгүл "Ооба, билесиңби, кыздар менен ар дайым ушундай болот" дешет.
    → Хмм, бул мага жардам бербейт. Бул маселени ого бетер начарлатат.
  3. Алар аябагандай боорукердикти көрсөтүшөт: “Башыңыздан өткөн окуя ушунчалык оор экен. Угуп аябай капа болдум, бул сизге катуу жаракат калтырса керек. Келиңиз, деп кучактап, сизге аябай оор болуп жатат болуш керек"дейт.
    → Ооба, боорукердик жакшы, бирок бир эле боорукердик менен жаракаттан арыла албайсың.
Жакшы жардамчы уга билет, соттобойт, бирок акырындык менен эркиндикке жетишиңиз үчүн, кадамдарды таштап, сизди Кудай менен байланыштырат ("Жардамчынын ролу" баракчасын караңыз).
Өзүбүздүн күнөөбүз
Сиздин жеке жашооңузда бул маселе кандай өткөндүгү тууралуу бөлүшсөңүз болот.
Кечиримдүүлүккө байлануу
"Бүтүрүү" сыяктуу окуяны бөлүшүү абдан жакшы идея:
Сиз окууну бүтүрүп жатасыз жана бүтүрүү күнү жакындап калды. Бул тууралуу ата-энеңизге айтып, аларды бүтүрүү аземине чакырдыңыз. Сиздин атаңыз: "Албетте, келебиз!" - дейт
Бүтүрүү күнү жакшынакай кийинип алып, бардык адамдар келди: Бардык досторуңуз жана алардын ата-энелери. Бирок ким көрүнбөйт? Сиздин атаңыз. Сиз чындыгында капа болуп жатасыз. Кийинчерээк сиз бул сезимдерден арылууну жана кечиримдин кадамдары аркылуу өз атаңызды кечирүүнү чечтиңиз.
Бирок кийинчерээк бул сиздин атаңыздын күнүмдүк жашоосундагы көрүнүш адат болгонун түшүндүңүз: Ал бир нерсе убада кылат, бирок аны аткарбайт. Чын эле ага муктаж болгондо, ал бош эмес. Сиз аны бүтүрүүгө келбегендиги үчүн кечирдиңиз, бирок ушул сыяктуу жагдайлар дагы деле уланып жатат. Ушул таарынуу сезимдеринен арылуу үчүн, сиз дагы бир жолу кечиримдин кадамдардынан өтүшүңүз керек жана ар таарынткан сайын кайрадан өтүп турушуңуз керек.

Акыркы бөлүктөн кийин ("Өзүңдү текшер")

Суроолоруңузду тактап, сыйыныңыз. Эгер сиз үн чыгарып сыйынып, анан эки мүнөттүн ичинде, ар бир адам ушул суроолорду Кудайга бере алса, абдан жакшы болмок. Мүмкүн болсо, ким кимди кечириши керектигин бир баракка жазып алышсын.

Эки мүнөт бүткөндөн кийин, Кудайдан ким кандай ачылыш алса, ошону башкалар менен бөлүшүүнү жумшак сураныңыз. Көпчүлүгүндө кечириш керек болгон адамдардын тизмеси болот. Кимден баштаарын сурап, аларга баштоого жардам бериңиз. Кичинекей маселеден баштоону сунуштайбыз. Канчалык кечиримдүү болууну жана аны практика жүзүндө колдонгон сайын, ал ошончолук оңой болот.

Эгерде сиз бирөөнү башкалардын алдында кечиримдин кадамдарынан өткөрүүнү пландаштырсаңыз, биринчиден кунт коюп угуп, анан кимди жетектей аларыңызды билүү үчүн сыйыныңыз (төмөнкү маанилүү критерийлерди карап чыгыңыз: Ал адам Кудайдан туура ачылыш алдыбы? Бул маселе туура аныкталып, чоң зыян келтирген эмес беле? Таарынткан адамды эч ким билбейби?)