Version: 2.2

Кудайдын окуясы (биринчи жана акыркы курмандык)

Эч кемчиликсиз башталыш

  • Кудай дүйнөнү жана эң биринчи адамдарды жараткан. Алар Адам ата жана Обо эне.
  • Алар эң сонун жерде жашашкан. Ал жер Эйден багы деп аталчу. Эйден багында алар каалаган дарактын мөмөсүнөн жей алышчу. Бирок Кудай бир дарактын мөмөсүнөн жегенге тыюу салган: "... жакшылык менен жамандыкты таанытып билдире турган дарактын жемишинен жебе, анткени андан даам таткан күнү өлүп каласың"
  • Бардыгы жакшы эле: оору, өлүм, уятсыздык деген нерселер жок болчу. Алар Кудайга абдан жакын болушчу.

Күнөө жана уят дүйнөгө кирди

  • Шайтан (жылан кейпинде) Обо энени азгырды. Ал жана Адам ата тыюу салынган жемишти жешти.
  • Ошол замат аларды коркунуч басып, өздөрүнүн жылаңач экенин түшүнүштү. Алар бири-биринен уялгандыктан жалбырактардан кийим жасап, Кудайдан жашынып калышты.
  • Кудайдын осуятын аткарбагандыктан алар жазаланды. Кудай Адам ата менен Обо энени Эйден багынан чыгарды.
  • Кызык: "кичинекей" күнөө чоң айыпка айланды: өлүм жана Кудай менен болгон мамиленин бузулушу.

Күнөө менен уятты жаба турган нерсе: жаңы кийим жана убада кылынган Куткаруучу

  • Кудай баары бир аларды мурдагыдай эле жакшы көргөн, ошондуктан аларга жаныбардын терисинен кийим жасап берди. Адам ата менен Обо эненин күнөөсү жабылышы үчүн жаныбар өлүш керек болду. Кызык, туурабы?
  • Бул эң алгачкы курмандыкты Кудай жасаган. Кийин пайгамбарлар да курмандык чалышкан.
  • Кудай бизди куткаруу үчүн биз үчүн өзгөчө Курмандык жиберерин убада кылган.
  • Пайгамбарлар өзгөчө Курмандык-"Машаяк" тууралуу тереңирээк мындай деп айтышкан: Ал күнөө менен уятты жеңип, кайрадан Кудайга кантип жакын болууну үйрөтөт.

Ыйса Машаяк (Иса Масих)

  • Ыйса кыз Мариямдан төрөлдү. Ал "Машаяк" жана "Кудайдын Сөзү" деп аталды.
  • Ал адамдарды сүйдү, бир дагы күнөө кетирген жок, эч кимди өлтүргөн жок жана байлык да топтогон жок.
  • Ал көптөгөн кереметтерди жасаган: ооруулууларды айыктырган,жиндерди чыгарган, өлгөндөрдү тирилткен
  • Ал бизди күнөөлөрүбүздөн баш тартууга чакырып, Кудай Ким экенин үйрөттү.

Кудайдын Козусу- биз үчүн курмандык

  • Жакан пайгамбар Ыйсаны көргөндө мындай деген: " Карагыла, Кудай жиберген курмандык Козу ушул!"
  • Кызыктуусу Ыйса: "Мен өлүшүм керек, бирок кайра тирилем" деп пайгамбарчылык кылган.
  • Ыйса кемчиликсиз болгон, бирок кээ бирөөлөр Аны кабыл алган эмес. Ыйса аларга каршылык көрсөткөн жок, ошондо алар Аны кармап, өлтүрүштү. Ыйса биз үчүн Кудайдын курмандыгы катары өлгөн.
  • Бирок Ыйса пайгамбарчылык кылгандай, Кудай Аны тирилтти!

Бизге курмандык керек

  • Элестетип көрсөң, бирөө сенин бүт күнөөлөрүңдү жана уят иштериңди, анын ичинде бардык ыплас ойлоруңду жана сырларыңды камтыган видеотасма жасаса. Анан бул видео таратылып, башкалар видеороликти көрсө, кандай сезимде болот элең?
  • Кудай күнөөгө, жаман нерселерге көз жуумп кое албайт. Натыйжада, ал нерселер жазага жана өлүмгө алып келет.
  • Күнөөлөрүбүз кечирилиши үчүн, биздин уят иштерибиз жабылышы үчүн биз Курмандыкка муктажбыз. Ыйса ушул нерсени бизге сунуштайт.

Жаңы жашоо

  • Биз Ыйса Машаяктын сунушун Ага ишенүүбүз менен кабыл алсак болот. Бул эмнени билдирет? Бул биз Анын айткан сөздөрүнө ишенип, Ага баш ийүү: мурунку күнөөлүү жашообуздан баш тартып, Ыйса жашагандай жашоо менен жашоо.
  • Ушундай кылсак, Ыйса бизди тазалайт жана Кудай менен болгон мамилебизди калыбына келтирет.
  • Бул үчүн Кудай бизге Өзүнүн Рухун берет. "Ыйык Рух" биздеги жамандыкка каршы тура алган Кудайдын күчү. Ал бизди Кудай эмне кааларын жана Ыйса жашагандай жашоону кантип жашоону үйрөткөн күч.

Бул кызыктуу экенби?

  • Адам ата менен Обо эне бир күнөө үчүн өлүм жазага тартылды.
  • Кудай алардын кийимдерин курмандык чалуу аркылуу өзгөрттү.
  • Ыйса «Кудайдын Козусу» деп аталды. (Козу курмандыкка чалынган.)
  • Ыйса Өзүнүн өлүмүн пайгамбарчылык кылган.
  • Ыйса өлдү, бирок Өзү пайгамбарчылык кылгандай, Кудай Аны тирилтти!
  • Кудай Ыйсаны биз үчүн курмандык катары жиберген.
  • Кудай бизге Өзүнүн Ыйык Рухун бергиси келет.


Менин Кудайдын сунушуна жообум

Кудай өз милдетин аткарды. Азыр сиздин кезегиңиз ...

Мен Кудайдын сунушун кабыл алдымбы?
□ Ооба □ Жок □ Билбейм
Мен Ыйсага таандык экендигиме ишенемби?
□ Ооба □ Жок □ Билбейм
Күнөөлөрүмдөн жана туура эмес жолуман баш тарттымбы?
□ Ооба □ Жок □ Бир аз
Кудайдын Рухун алгандыгыма ишенемби?
□ Ооба □ Жок □ Билбейм


Мага эмне тоскоол болуп жатат?

Мен эмнени түшүнгөн жокмун? Мен кайсыл суроодо өзүмө ишене албай жатам?



Кудай менен сүйлөшүү: Менин кийинки кадамдарым

Бул жерден сиз Кудай менен сүйлөшүү үчүн сунуштарды таба аласыз. Жүрөгүңүздөгү болгон бардык көйгөйдү жана Кудайга айткыңыз келген нерселердин барын айтсаңыз болот. Эгерде кандайдыр бир нерселерди түшүнбөй жатсаңыз ал тууралуу Кудайга ачык эле айтыңыз. Эгер кааласаңыз же сизге жардам болот деп ойлосоңуз Кудайга ишенген, Аны менен сүйлөшүп жүргөн тажрыйбалуу бирөөнүн сунушун колдонсоңуз болот.

Кудай, менин жашоомдогу кайсыл нерселер Сен каалагандай эмес? Кайсы күнөөлөрдөн баш тартуум керек?


Кудайым, мен Сени менен сүйлөшө алганым үчүн ыракмат. Мен Сенин эркиңе ылайык жашабагандыгымды түшүндүм. Кечир мени. Суранам, кечире көр мени _______________ (Кудай сизге эмнени ачканын айтыңыз) үчүн.
Ыйса, мага чыгуу жолун көрсөткөнүңө жана мен үчүн Өзүңдү курмандыкка чалгандыгыңа ыракмат. Мен жашоомду өзгөртүүгө жана Сен күнөө деп атаган бардык нерселерден арылууга даярмын. Мен Сенин каалаганыңа ылайык жашагым келет.
Ыйык Рух, мага жардам бере көр. Мени тазала жана толтур.

Эгер сиз мунун бардыгын чын жүрөктөн айтсаңыз, анда кимдир бирөөнү сизге бул жаңы жашоонун башталышы туураалуу түшүндүрүп берүүсүн сураныңыз.