download: Pdficon.png
Odticon.png
Version: 1.2

Кудайды угуу

Other languages:
More information about Kyrgyz

Кудай баарыбыз менен сүйлөшкүсү келет. Бирок Кудайдын үнүн угуу көп учурда өзүбүзгө байланыштуу: "Кудайдан мени менен сүйлөшүүсүн сурандымбы?" "Мен анын үнүн угууга убакыт бөлүп жатамбы?" "Мен Анын айткандарын аткарууга даярмынбы?" Булар Кудайдын үнүн угуу үчүн жана Аны көбүрөөк таануу үчүн эң негизги талаптар.

Биз бул жерде "угуу" деген сөздү колдондук, бирок Кудай Рух экенин жана биз менен баарлашуу үчүн бардык сезимдерибизди колдоноорун да унутпашыбыз керек. Демек, биз Кудайды "сезе" алабыз дегенди билдирет.

Бардыгыбыз Кудайдын үнүн уга алабыз. Бирок Аны дайыма угуп, Аны менен тыгыз мамиледе болушубуз үчүн бизде Ыйык Рух болушу керек. Ошондо Кудай биздин ичибизде жашап, ой жүгүртүүбүздү жана сезимдерибизди улам-улам калыптандырып, Кудайдын бизге эмне айткысы келгенин айкыныраак түшүндүрүп берет.

Эгер Кудайдан эч нерсе албай жатсак, анда Кудай менен биздин ортобуздагы байланышта тоскоолдук кылган бир нерсе бар болушу мүмкүн. Бул күнөө, азгырык же кайгы болушу мүмкүн. Кудайдын үнүн угуу үчүн, Ал менен биздин ортобуздагы нерселердин бардыгын алып салуу керек.

Биздин максатыбыз - Кудайды чындап таанып-билүү жана Аны менен жакын достой мамиледе болуу.

Кудай менен жакын болууга эмне тоскоол болуп жатат? Ичимде Кудайды уккум келбеген кандайдыр бир нерсе барбы? Эмнеге?

{{{1}}}

Кудайдын бизге сүйлөгөн жолдору

Ыйык Китеп аркылуу

Ыйык Китеп Кудайдын биз үчүн жазылган каты сыяктуу жана анда биз билишибиз керек болгон эң манилүү нерселер камтылган (2 Тиметейге 3:16). Кудай айткандын баары Ыйык Китепке дал келет.

Башка адамдар аркылуу

Кудай сиз менен кызматчылар аркылуу сүйлөшө алат. Ошондой эле ишенген бир тууган аркылуу да сүйлөшү мүмкүн. Кимдир бирөө сизге бир нерсе айтканда, анын сөздөрү Кудайдан болушу да ыктымал.

Ойлор жана сезим аркылуу

Ыйык Рух бизде жашаганда, ал биздин ойлорубузду түздөп, бизге каалаган учурда ачылышы мүмкүн. Ал биздин абийирибиз жана ой-жүгүртүүбүз аркылуу Кудай эмне каалаганын түшүндүрө алат. Же биз Кудай бизге көрсөтүүнү каалаган нерсени сүрөт сымал да көрүшүбүз мүмкүн (Элчилер 10:10-11).

Өзгөчө учур

Кудай бизге колдонсун деп көз, кулак жана акыл берген. Кээде кимдир бирөөгө жардам керек экенин Кудай бизге көрсөтөт. Адамдарды бири-бири менен жолуктуруу аркылуу да Кудай бизге сүйлөшү мүмкүн. Мындай кырдаалда биз алгач байкап, андан кийин Кудайдан Анын эркин сурасак болот (Матай 11:2-6; 27:54).

Түш аркылуу

Кудай биз менен түш аркылуу сүйлөшө алат. Биз алардын маанисин түшүнүүнү жана аларды чечмелөөнү үйрөнө алабыз (Аюб 33:14-17; Башталыш 40:1-41: 40; Матай 1:20).

Кудай ушул жолдордун кайсынысы аркылуу мага көбүрөөк сүйлөйт? Мен ушул тууралуу кантип көбүрөөк маалымат алсам болот? Дагы кайсы жолдор аркылуу Кудайды түшүнгүм келет?

Үч башка үндөр

Жашообузда дайыма ар кандай ой-пикирлерди угабыз, ошондуктан алардын кайсы булактан келип жаткандыгын билип алуубуз манилүү: Кудайданбы? Адамдарданбы (өзүмдөнбү, башкаларданбы)? Же шайтанданбы?
Булар ар кандай үндөрдүн мүнөздөмөлөрү:

Кудайдын үнү Адамдардын үнү Шайтандын үнү
  • кубаттоо, сүйүүгө толгон, жакшы, кемчиликсиз (Римдик.12:2)
  • Ыйык Китепте айтылгандарга дал келет
  • ашкерелөө: күнөөнү ачыкка чыгаруу, ойго салуу
  • ниет: өстүрүү
  • өз кызыкчылыкты көздөө (атайын же атайын эмес)
  • өз тажрыйбага таянуу: "мен үчүн ушундай болчу, ошондуктан башкалар үчүн да ушундай эле болуш керек"
  • коркутуу, көңүлдү чөктүрүү
  • Кудайдын эркине/ Ыйык Китепке каршы
  • бөлүп-жаруу, талаш-тартыш
  • ниет: уят кылуу, күнөөлөө, айыптоо, чөктүрүү

Көнүгүү: Чечим кабыл алуу керек болгон жагдайды элестетиңиз. Ага байланышкан ойлорду жана үндөрдү булактар ​​боюнча Кудайдан, адамдардан, шайтандан деп үч категорияга бөлүңүз.

Кыраакылык: Кандай нерсе Кудайдан деп эсептелинет? (1 Тесалон. 5:19-21)

  • Бул тууралуу Ыйык Китеп эмне дейт? Ыйык Китеп - бир нерсени сынап көрүү үчүн эң маанилүү булак. Эгер Ыйык Китептеги Кудайдын принциптерине каршы келген нерсе болсо, анда ал Кудайдан эмес.
  • Бул жакшыбы? Бул Кудайдын мүнөзүнө дал келеби?
  • Башка бир туугандар бул тууралуу эмне дейт? Эгер дагы да күмөн болуп жатсаңыз анда жетекчиңизден кеңеш сураңыз.
  • How trustworthy is the source I got it from?

Бул тууралуу тынчтыктамынбы? Кудайдын тынчтыгы бизди кандайдыр бир нерсеге болгон ишенимибизди арттырат. Анын сыңарындай, тынымсыз тынчсыздануу Кудайдан дагы бир жолу жооп алуу керектигин билдирет. Бирок биз 100% ынанууну күтпөшүбүз керек. Кудай биздин жашообуздун майда-чүйдөсүнө чейин башкаргысы келбейт - Ал бизге тандоо эркиндигин берген. Ал бизди ишенүү менен жана өз чечимдерибиздин жоопкерчиликтерин мойнубузга алуу менен Ага кадам ташташыбызды каалайт.

Маанилүү: Кудайдын жообун угуу оңой болгон кээ бир суроолор бар (Мисалы: "Кудайым, мен кимди кечиришим керек?""Мен жашоомдун кайсыл жеринен күнөө кетирдим, менин тобо кылышымды каалайсыңбы?")
Башка суроолордун жообун түшүнүү кичине кыйыныраак ("Оо, Теңир, мен кимге үйлөнүшүм/турмушка чыгышым керек?") ошондой эле, кээ бир сууроолорго мүмкүн дароо жооп ала албайбыз ("Менин келечектеги 20 жылым кандай болот?")
Кээде биз "эмнеге" деп эле суроолорду токтобостон берип калабыз. Көбүнчө булар биздин жашообузга жана өсүүбүзгө жардам бербейт. Же биз Кудайдын жообун кабыл ала албай койгондуктан, эми жоопту Кудай бизге бербейт.

Кудайга кандай суроолорду берип жатам? Алар жакшы суроолорбу?

Кудайдын үнүнө байланыштуу жагдайдын эки түрү бар

Ишеним: Кудай мага сүйлөбөйт. Эмнени гана укпайын бардыгы Кудайдан.
Жөнөкөйлүк: "Менин ойлорум Кудайдын ойлору эмес." "Кудай ... дейт!"
"Мен муну сынашымдын кереги жок."
Чындык: Ыйык Рух сиздин ичиңизде болгондуктан көп ойлоруңуз - Кудайдын ойлору! Биз адам болгондуктан дагы деле ката кетиребиз жана кээдэ Кудайды туура эмес түшүнүп алабыз.
Кеңештер: Көп ойлоруңуз Кудайдан деп кабыл алыңыз. Дайыма "Кудай мындай деп айткан..." деп баштаңыз.

Ушул эки жагдайдын кайсынысына көбүрөөк тартыламын? Бул нерсе эмнеден улам болушу мүмкүн? Мен андан кантип бошонуп, Кудайдын үнүнө көбүрөөк көңүл бурсам болот?