Version: {{{1}}}

Башкаларды кечиримдин кадамдары аркылуу жетектөө

Бул баракчанын максаты, "Кечиримдин кадамдары" баракчасында көрсөтүлгөндөй, кечирүү процесси аркылуу башкаларды жетектөөнү каалагандарга көрсөтмөлөрдү берүү. Чындыгында сиздин ролуңуз - кечирүүнү толугу менен каалаган адамды кечиримдин беш кадамдарынан өткөрүү. Толугураак маалыматты “Жардамчынын ролу” баракчасынан ала аласыз.

Баштаардан мурун

Сиз "Кечиримдин кадамдары" менен таанышсыз деп эсептейбиз. Баракчанын аягындагы колдонмого көңүл бөлгөнүңүздү жана Кудайдан "Кудай, мен кимди кечиришим керек?" деп сурагандыгыңызды текшериңиз. Башкаларды кечиримдин кадамдары аркылуу жетектөөдөн мурун, бардыгын тактап алганыңызды текшериңиз. Болбосо, өзүңүздүн капалануу сезимиңиз Кудайды жана башка адамды кунт коюп угууга мүмкүнчүлүгүңүздү төмөндөтөт, айрыкча, алар да сиздикиндей маселе менен күрөшүп жатышса. Акыр-аягы, сиз башка адамды процесстен өткөрө албай же ал тургай аларга зыян келтирип алышыңыз ыктымал. Сизди даярдап жаткан адам (насаатчы) менен сүйлөшүңүз: Анын көз алдында сиз башкаларды жетектөөгө канчалык даярсыз? Кийинки кадамдарыңыз кандай болушу керек?

Кечиримдин 1,2 жана 3-кадамдарынан өткөрүү

Ушул кадамдардан өтүп жатканда кунт коюп угуңуз. Эгер сиз алардын маанилүү аспекттерди таштап баратканын байкасаңыз, аларга туура суроолорду берип, багыттаңыз. Мисалы, көп учурда адамдар өз сезимдерин унутуп калышат (2-кадам): Алар бир нерсени айтышы мүмкүн ( мисалы: " Мага көңүл бурбай коюшту. Мени туура эмес түшүнүштү."), бирок булар али түпкү тамырланган сезимдер эмес. Бул учурда, сиз алардан конкреттүү кандай сезимде болгонун сураңыз. Аларга сезимдердин ар кандай түрлөрүн атоо менен жардам берсеңиз болот ("Сиз ачууландыңызбы же капа болдуңузбу?")

Ар бир кадамдын аягында, алардын кийинки кадамга аттанууга даяр экендигин же ушул кадамга дагы бир нерсе кошкулары келеби деп сураңыз. Алгачкы үч кадамды бүтүргөнүңүздө, алар айткандардын бардыгын жалпылап, кайталоо жакшы болот. Үйрөтпөстөн жана соттобостон, тескерисинче, алар колдонгон терминдерди колдонуңуз ("күзгү сыйяктуу").

Кечиримдин 4 жана 5-кадамдарынан өткөрүү

Төртүнчү кадамга келгенде, сыйынып алганыңыз жакшы болот. (Мисалы: "Кудайым, биз алдыңызга сот катары келдик. Ушундай айыптардын бардыгын сизге айта алганыбызга рахмат. Ыйса, ушул процессте ___ге жардам бериңиз). Эми Кудайга айыптарды өткөрүп бергиле деп, аларга айтыңыз. Көп учурда тажрыйбасыз болсо, аларды жетектөө үчүн, "менден кийин кайталаңыз" методун колдонсоңуз болот. Айыптоолорду Кудайга тапшыргандан соң, алар: "Ыйык Рух, айыптардын тизмесине дагы эмнени кошушум керек?" деп сурашсын. Көбүнчө Кудай аларга дагы башка жактарын көрсөтөт. Аларга буларды да Кудайга тапшыруусун айтып, аягында таптакыр эч нерсе калбаганына толук көздөрү жеткенин тастыктаңыз.

Көрүнүш адаттагы катанын мисалы жана аны кандайча чечүү керек

Жаракат алып, капа болгон адам бардык айыптырды Кудайга тапшырып, мындай деп сыйынсын: "Кудай, ал адамга батаңды бер жана мен аны кечиргенге жардам бере көр. Оомийин". Эми сиз "Эми чечимди кабыл алып,"Мен __ кечирдим"деп айтууга даярсызбы?" деп сураңыз. Эгер алар даяр болсо, анда алар артыңыздан кайталасын "Оо Кудай бардыгын сиздин колуңузга тапшырганга даярмын! Мен ___ кечирдим."

Өзгөчө кырдаалдарга керектүү кеңештер

Ата-энелерди кечирүү
Айрым маданияттарда ата-эне (же бийликте турган башка адамдар) жөнүндө жаман сөздөрдү айтуу туура эмес көрүнүш болуп эсептелинет. Кээ бирөөлөр күнөөнү атай албай кыйналышы мүмкүн. Аларга кантип жардам берсеңиз болот:
  • Эч ким күнөөсүз эмес экендигин жана ата-энелер дагы ушундай экендигин түшүндүрүңүз. Алар сонун, мээримдүү ата-эне, бирок чындыгында алар жеткилең эмес болушу ыктымал.
  • Балким алар ата-энесине айыптарды коюуунун башында, аларга урмат көрсөтүш үчүн биринчи жакшы нерселерин айтышат.
Узак мезгилге созулган көп рухий жаракаттар
Узак мөөнөттүү мамилелер жөнүндө кеп козголгондо, көп учурда зыяндуу көйгөйдүн толук тизмеси бар болот. Жеке окуясын жана жараланган жагдайды бир баракка жасып, ал нерселерге сыйынуу үчүн тынч убакыт бөлүп коюшсун. Андан кийин жолугуу учурда, алар ушул адилетсиздиктин бардык айыптарын Кудайга толугу менен жеткире алышат.
Ошол эле учурда көп кайталануучу жаралануулар болушу мүмкүн. Эгерде алардын бардыгы бирдей түрдө болсо, бир-бирден ар биринен өтүүнүн кажети жок. Биринчи кырдаалды табуу жана андан өткөрүү жетиштүү ("Кудай, ушундай жагдай биринчи жолу кандай болгон?"). Ушундай кылганда жаралануунун бардыгынан арылышы керек.
Кудайды кечирүү
Кээде адамдар Кудайга чынында эле ачууланып жаткандарын билишпейт, анткени алар мындай кылуу туура эмес деп билишет. Же буларды ачык айтууга батына алышпайт. Алгачкы кадамдар катарында биз ушуну тактап алсак болот:
  • Бул маселени четке кагуу же катып коюуу менен чече албайбыз, анын ордуна биз чынчыл болушубуз керек.
  • Баары бир Кудай алардын жүрөктөрүндөгү ойлорду жана алардын Ага коюлган айыптарын билет да.
Андан кийин беш кадамдын бардыгын өтсөңүз болот. Төртүнчү кадамда алар Кудайга каршы коюлган айыптарды айтышы керек, бешинчи кадамда болсо алардын баарын Кудайдын колуна өткөрүп бериши керек. «Сени кечирдим, Кудай», - деп да сыйынышса болот.
In step five they can pray like this: “God, I decide to let go of all these accusations against you. Please forgive me for blaming You.”
Өзүмдү кечирүү

Чындыгында, мындай учурда деле кадимки кадамдардан өткөргөндөй эле жетектейсиз. Болгону кечириш керек болгон адам өздөрү болуп калат жана алар күнөө кылгандыгы үчүн жана өздөрүн күнөөлөгөн жери үчүн кечирим сурашы керек. 1-3- кадамдарды жасагандан кийин, тобо кылууну уланта беришсин: Туура эмес кылгандарын айтып (күнөөлөрүн мойнуна алып) Кудайдан кечирим сурашсын. Алардан сураңыз: "Кудай сизди кечирди деп ишенесизби?"
Эгер алар билбей жатышса, анда алгач көйгөйдү чечүү керек (бардыгын түшүнмөйүнчө Жакшы Кабардан баштоо зарыл болуп калышы да мүмкүн; 1 Жакан 1:9 окуу керек; балким, алар күнөөлөрүнүн кээ бир жактарын эске алышкан эмес ж.б.у.с.); Кудай аларды кечиргенине толугу менен ишенгенде, 5-кадамда өзүлөрүн кечиргендерин айтышат ("Мен сени кечирдим" деп).


If they’re unsure, you need to resolve this problem first (This might involve going through the gospel again until they understand it completely; reading 1 John 1:9; maybe they omitted some aspects of their sin etc). When they are sure that God has forgiven them, and they’ve received His forgiveness, then lead them through step 5. In this step they speak out that they forgive themselves now (by saying “I forgive myself”).

Бешинчи кадамдан кийин кандайча улантуу керек

Алар эми өздөрүн башкача сезиши керек, анткени кечиримдүүлүк кандайдыр бир теория эмес, чындыгында алардын жүрөктөрүндө болуп өткөн окуялар жана бул жааттарда алар эркиндикке чыгышты. Бирок, көп учурда, биз али бүтө элекпиз, анткени мындай айыптоолор алардын жүрөгүндө кандайдыр бир тактарды калтырган:

  • Адамдар Кудай, өздөрү жана башкалар жөнүндө жалган калптарга ишене башташты.
  • Алар башкаларга жаман мамиле жасоо менен (атайлап же байкабастыктан) күнөө кетириши мүмкүн.

Алар: "Кудай, мен Сиз жөнүндө кандай жалганга ишендим?" - деп сурашсын. Алардын Кудай жөнүндө жалган деп ойлогондору тууралуу (айрыкча өздөрүнүн атасын кечиргенден кийин) сурасаңыз болот, Ыйса жөнүндө (айрыкча, алар бир туугандарын же досторун кечиргенден кийин) же Ыйык Рух жөнүндө (айрыкча, алар энесин кечиргенден кийин). Калпты аныктагандан кийин:

  • ал нерсеге ишенгендиги үчүн тобо кылышсын,
  • алар жалганды Кудайга тапшырып беришсин, жана
  • Андан: "Кудай, анда чындык эмнеде?" деп сурашсын.

Алар "Кудай, ушул аркылуу мен өзүм жөнүндө кандай жалганга ишенип жүрдүм?"-деп сурашсын жана жогорудагыдай улантышсын.

Кийинки жумаларда кечирген адамына ал батасын бергени жакшы идея.

After forgiving, the pain of the memory should be gone. Usually, remaining pain indicates that the forgiveness is not complete yet. However, if someone did experience a significant loss, it is healthy and normal to feel grief. They may need support in their process of grieving.

Өзүңүздүн мүмкүнчүлүгүңүздү билүү - эскертүү

Кимдир бирөөгө кечирүүгө жардам берүү бул артыкчылык жана сыймыкка татыйт, бирок мындай кызмат акылмандыкты да талап кылат.

  • Өзүңүздү даяр сезип жатасызбы жана кечиримдин кадамдары аркылуу адамдарга жардам берүүгө даярсызбы? Эгер даяр эмес болсоңуз, башка жолдорго көңүл буруңуз (башка мезгилде; экинчи адамдын жардамчысы; тажрыйбалуу башка бирөө ...)
  • Бул үчүн ылайыктуу убакыт жана ылайыктуу жерби? Убакыт жетиштүүбү? Бул кадамдардан өтүүгө баардыгы өздөрүн ыңгайлуу сезип жатабы? Эгер билбесеңиз, анда сиз жана/же башка бирөө "Кудай, ушул темага киришкен учур келдиби?"-деп сураңыздар.
  • Эгер кордук сыяктуу травмалык окуялар болсо, этият болуңуз жана улантаардан мурун эмне кылып жатканыңызды билиңиз.

Бул эскерүүлөр жан дүйнөсүндө терең орун алып, биринчи учурда кол жеткис болушу мүмкүн (маанилүү: алар так эмне болгонун эстей алышпайт). Кечиримдүүлүктү билүү гана аларды эркиндикке чыгарбайт! Ички жан дүйнө менен иштешкен тажрыйбалуу адамды табыңыз. Травмалык окуяларды чукуп чыгып, бирок андан кийин алардан бошонгонго жардам бербестен бардыгын ошол бойдон орто жолдо тыштап коюуу, ал адамды мурункудан да начар абалга алып келүүгө барабар.

Кечиримдин кадамдары аркылуу адамдарды жетектөө - бул Кудайдын Падышалыгынын күчтүү көрүнүшү. Шайтан утулат, бул рухий күрөш. Сиз муну билишиңиз керек жана өзүңүздүн ким экендигиңизди да билишиңиз керек. Кудайдан эмнени каалаарыңызды жана эмне кылбашыңызды ар дайым сураңыз.

А Тиркеме: Жарашуу процесси

Кечиримдүүлүк таарынтып, капа кылган адамдан көз каранды эмес. Бирок, ошондой эле күнөөлүү адам менен бирге кечиримдин кадамдарынан чогуу өтсөңүздөр болот. Бул үчүн ал кошулуп, күнөөсүн мойнуна алып, кечирим суроого даяр болушу керек. Аны чогуу жасаганыңыз жакшы, анткени эки тарап тең айыгып, мамилелери калыбына келтирилет. Бирок, эгерде күнөөлүү адам кечирим сурагысы келбесе, кадамдарды толугу менен уккусу келбесе, анда ал такыр эле катышпаганы оң - анткени көбүрөөк зыян алып келиши мүмкүн.

Күнөөлүү адам менен биргеликте кечиримдин кадамдары

  • Бул процессте сизде жардамчы болгону өтө маанилүү. Болбосо, эки тарап тең жарашууну кааласа да, көбүнчө бири-бирине зыян келтирбестен, өз алдынча бул кадамдардан өтө алышпайт.
  • Көпчүлүк учурларда, алгач кечиримдин кадамдары аркылуу адамды жалгыз жетектөө сунушталат андан кийин гана жарашуу процессине өтүү туура, анткени ооруудан, капалануудан арылган болот.

Процесс бирдей, айырмасы, биринчи үч кадамдан кийин күнөөлүү адам уккан нерселерин кайталап, андан кийин кечирим сурайт. Төртүнчү кадамдын кереги жок.

Жаракат алган адам

Күнөөлүү адам

1) Эмне болду? 1) Эмне болгон.
2. Менин көңүлүмдү эмне мынча оорутту? Ошондо мен өзүмдү кандай сездим? 2) Түшүнгөнгө чейин, күнөөлүү адам өзүн кандай сезди: Мен муну көрүп, анын канчалык жаман болгонун түшүндүм.
3) Күнөөнү атаңыз 3) Күнөөнү атаңыз
Кечирим сурайм. Мени кечиресизби?
5) Мен сени кечирдим.