download: Pdficon.png
Odticon.png
Version: 1.0

Коркунучту жана Ачууланууну жеңүү

Жашообуздагы ачык эшиктерди жабуу

Баарыбыз эле өмүрүбүздө коркунуч сезимде болгон болушубуз керек. Айрым учурларда коркуу сезими пайдалуу, анткени балким алдыда кооптуу абал тургандыр. Бирок башка учурларда, биз көбүнчө корко турган эч кандай абал болбосо деле бир кичинекей нерсе үчүн катуу корко беребиз. Коркууга эч кандай себеп болбосо да, аша чаап жатканыбызды түшүнсөк да, биз көбүнчө андан арыла албайбыз.

Ачуулануу да ушуга окшош эле биздин жашообузга таасир этет. Кээде ачууланууга дароо түрткөн жагдайлар да болушу мүмкүн. Кээ бир учурда ачууланганыбыз орундуу болушу мүмкүн, бирок кээде ал ашыкча эле болушу мүмкүн. Ачууланткан нерсе чындыгында чоң көйгөй деле болбошу мүмкүн, бирок бул эмнегедир биздин ичибизден бир нерсени козгоду. Андан кийин кырдаалдын өзүнөн келип чыкпаган терең ачуулануу пайда болот. Бул ачуулануу ичибизде орун алгандыктан ал маал-маалы менен бизди ачууланууга түртүп турат.

Айрым адамдар күн сайын ачууланса, башкалары деги эле ачууланбайт экен. Бул жөн гана кокустук эмес, бул нерсенин артында себептер бар болушу мүмкүн. Мунун себебин түшүндүрүүнүн жакшы жолу - эшик метафорасын колдонуу. Коркуу эшигин элестетип көрүңүз. Ал эшик ачык болгон сайын, коркуу сезими кире берет. Эшик бир аз эле же кээде эле ачылышы мүмкүн бирок ошого карабастан коркуу сезими кире берет. Ошондой эле, ал кеңири ачык болуп, адамдын ар бир ойлогон жана кылган ишинде коркутуу сезимин пайда кылышы ыктымал. Анысы сыңарындай, биздин жашообузда ачуулануу эшиги да бар. Эгер бул эшиктер дайым жабык болсо, анда эч кандай коркуу жана ачуулануу сезимдери жашообузга кирбейт экен. Бул эшиктерди башкалар же өзүбүз ачышыбыз мүмкүн. Көбүнчө, бул эшиктер кичинекей кезибизде эле бирөөлөрдүн (балким ата-энебиздин) таасири менен ачылып калган. Кийинчерээк кылган ишибиз аркылуу бул эшиктерди өзүбүз дагы да ачышыбыз мүмкүн.

Жакшы жаңылык, бул эшиктерди жаап койсо болот. Кудай бизди коркуу жана ачуулануу сезимдердин башкаруусунда болушубузду каалабайт тескерисинче эркин болушубузду каалайт!

Коркуу жана ачуулануу эшиктери

Коркуу эшиги

Ачуулануу эшиги

Эшик ачык болгондо боло турган белгилер
  • Көзөмөлдөө
  • Тынчсыздануу
  • Бөлүнүү
  • Кайдыгерлик
  • Баңгизаттар / арак ичимдиктери
  • Жек көрүү
  • Өзүн-өзү жек көрүү
  • Ушак
  • Кызганыч
  • Каардануу
  • Жалаа жабуу
Туура эмес үлгү Өзүмдү коргоо Өзүмдү актоо
Чындык Кудай бизди коргогусу келет Кудай бизди актап, биз үчүн өч алгысы келет

Ачык эшикти кантип жабуу керек

Коркуу жана ачуулануу сезимдери бизди башкаруусун Кудай эч качан каалаган эмес. Ал дүйнөнү жаратканда, бардыгы кемчиликсиз болчу. Жерде коркунуч, оору, өлүм же адилетсиздик такыр болгон эмес. Тилекке каршы, биринчи адамдар, бизге окшоп эле, Кудайга каршы чыгып, жакшылыктан көрө жамандыкты тандашты. Мунун кесепети - шайтандын таасиринин астында калган бузулган дүйнө. Ал адамдарды башкарууга ар дайым аракет кылып келет. Ал ачык эшиктерди колдонуп, адамдарды коркутуп-үркүтүп, өзүнүн максатында колдонот.

Эшиктер өзүбүздүн же башка бирөөнүн күнөөсү аркылуу ачылышы мүмкүн. Шайтан биз күнөө кетиргенде жашообузга таасир этип баштайт. Анан бизди ар кандай калптарга ишендире баштайт. Бул калптар эшиктин ачык болушуна шарт түзөт. Мисалы:

  • Сиздин кылган ишиңизге атаңыз ачууланып, сизди укпай койду. Сиз ага аябай ачууландыңыз. Анан сиз минтип ойлоп баштайсыз "мен өзүмдүн укугумду коргобосом мага адилетсиз мамиле кыла беришет".
  • Бардык окуучулардын алдында сизди мугалимиңиз кемсинтти. Эми класста бир нерсе айтуудан коркуп жатасыз, анткени "мен акылдуу окуучу эмесмин" деп ишенесиз.

Кудай бул дүйнөдөгү күнөө жана басыңкылык көйгөйүн чечүүгө убада берди. Дароо эле адамзат биринчи жолу күнөө кетиргенден кийин, ал шайтандын торун буза турган Куткаруучу келерин убада кылган (Башталыш 3:15). Ал Куткаруучу - Ыйса Машайак. Ал дүйнөдү эч күнөө кетирбеген жалгыз адам болгон. Ушундан улам шайтан Анын үстүндө башкара алгандай күчкө ээ болгон эмес. Ыйса адамдар тараптан өлтүрүлгөн, бирок Ал үч күндөн кийин кайрадан тирилген. Ушул аркылуу Кудай Ыйсанын шайтанды жеңди деген пайгамбарчылыкты тастыктады! Ким Ыйсага ишенсе, ал шайтандын торунан бошотулат. Ыйса бизди боштондукка чыгаргандыктан, ачык эшиктерди жабууда Анын ролу өтө чоң. Ал Жакан 8:31-32 аяттарда мындай дейт:"Эгерде Менин сөзүм боюнча жашасаңар, анда Менин чыныгы шакирттеримсиңер. Ошондо чындыкты билип каласыңар жана чындык силерди эркин кылат".

Эки эшик жөнүндө үч маанилүү аят

"Ачууланганыңарда күнөө кетирбегиле: күн батканча, ачууңарды баскыла, шайтанга орун бербегиле.(Эфестиктер 4:26-27)

Анткени Кудай бизге коркунучтуу эмес, күчтү, сүйүүнү жана өзүн өзү башкара билүүнү берүүчү Рухту берген. (2 Тиметей 1:7)

Теңир-Рух, Теңирдин Руху болгон жерде эркиндик. (2 Корунттуктар 3:17)

Эшиктерди жабуу процесси

Жашообуздагы көп нерселер эшиктин ачылып турушуна себепкер. Кудай алардын бардыгын жабууну каалайт жана биринчи эмнеден баштоону жакшы билет. Ага түздөн-түз кайрылуу менен биз Ага биз менен сүйлөшүүгө мүмкүнчүлүк беребиз. Эшикти жабуу процесси Ага суроо берүүдөн башталат андан кийин Кудай эшикти ачып турган себептерди бизге ачып берет. Ыйсанын жардамы менен ушул кырдаалдан улам келип чыккан терс таасирлерди жок кылуу үчүн бардык чараларды көрөбүз.

Кудай, адатта, бардыгын дароо ачып бербейт, анткени бул биз үчүн өтө эле көп маалымат болушу мүмкүн. Тескерисинче ал бизди кубаттап, бул кырдаалды биз менен бирге өтүүнү каалайт.

Колдонмо көрсөтмөсү

Жакшы жардамчынын колдоосун колдонуңуз! Эгерде сиз өзүңүздү кыйнап жаткандай же кандайдыр бир деңгээлде ыңгайсыз сезип жатсаңыз, анда ал тууралуу ачык эле айтыңыз! Эгер сиз Кудай менен сүйлөшүүгө даяр болсоңуз, анда мындайча баштасаңыз болот:

Ыйык Рух, мени кайсы эшикке алып баргың келет? Ыйса, мен бара жаткан жолумда мени коргой көр.

Бул эшик менин жашоомдо биринчи жолу качан ачылган? Аны ким ачты эле?

Кудай сизге эмне болгонун көрсөтсүн. Эшикти башка бирөө ачкан болсо: ал кишини кылган иштери үчүн жана сиздин жашооңузда бул эшикти ачканы үчүн кечириңиз. Кененирээк маалымат алуу үчүн Кечирүү кадамдары баракчасына кайрылыңыз.
Ал эми эшикти өзүңүз ачкан болсоңуз анда: Кудайдан кечирим сурап, тообо кылыңыз.

Эшик ачык бойдон туруусуна мен кандай калпка ишенип жатам?

Кудай, бул калпка ишенип аны колдогонум үчүн кечирим сурайм, мени кечир. Мен _____ деген калпты четке кагам.

Ыйса Теңир, чындык деген эмне?

Чындыкты айтып, аны кабыл алганыңызды да айтыңыз.

Дагы бир жолу текшерип көрүңүз: эшик азыр ачыкпы же жабыкпы? Ачык эшиктерди Өзүң жаба көр Теңир!

Эгерде азыр аны толугу менен жаап коюууга мүмкүн болбосо, Кудайдан эшиктин алдында турушун сураныңыз.