Version: 2.1

Кудайдын окуясы (беш манжа)

1. Кудай сиз тууралуу кызыгат

Hand 1.png

(Бармак: Эң маанилүү нерсе)

  • Кудай бизди Аны менен жакшы мамиледе болушубуз үчүн жараткан.
  • Кудай сизге сунуш кылса эмне кылат элеңиз?

2. Көйгөй: Биз Кудай бизден күткөн нерсени жасабайт экенбиз

Hand 2.png

(Сөөмөй: башкаларды айыптап же күнөөлөйбүз, бирок көйгөй өзүбүздө)

  • Биздин жашообузда чоң көйгөй бар: Күнөө.
  • Күнөө деген эмне? Уурдоо, калп айтуу, өлтүрүү ... (Он осуятты бузуу) - бул күнөө.
  • Бирок Кудайдын талабы андан да жогору экен:
    • Башка бирөө жөнүндө жаман ойдо болуу бул күнөө.
    • Эгер сиз билип туруп, жакшы иш кылбай, тескерисинче жаман иш жасасаңыз, анда бул да күнөө.
    • Күнөөнүн тамыры: биз Кудайдан жакшыраак билебиз деп, Аны тоготпой, Анын сүйүүсүнөн баш тартканбыз.
  • Кудай ыйык жана ал биздин жеткилең болушубузду каалайт.
  • Элестетип көрсөңүз, бирөө сиздин бүт күнөөлөрүңүз камтыган видеотасма жасаса: анын ичинде ар кандай ыпылас иштериңиз, ыплас ойлоруңуз жана эч ким көрбөгөн жагдайдагы туура эмес иштериңиз. Анан бул видео таратылып, башкалар видеороликти көрсө, кандай сезимде болот элеңиз?
  • Кудай күнөөгө, жаман нерселерге көз жуумп кое албайт. Натыйжада, ал нерселер жазага алып келет.
  • Күнөөлөрүбүз бизди сындырат, рухий жактан алсырап, Кудайдан алыстатууга алып келет.

3. Кудайдын чечими: Ыйса Машаяк биздин күнөөлөрүбүз үчүн Өзүнүн ыйык канын төктү

Hand 3.png

(Ортон - эң бийик манжа: Ыйса өлгөн айкаш жыгачтын образы)

  • Кантип Кудай сүйүүгө толгон, бирок ошол эле учурда күнөөнү жазалоочу сот боло алат? Бул кандайча шайкеш келет?
  • Кудайдын өзгөчө чечими - Анын Уулу Ыйса Машайак.
    • Ал бул дүйнөгө келип, эч күнөөсүз ыйык жашады жана көптөгөн элдерди айыктырды.
    • Душмандары Аны кармап, сабап, айкаш жыгачта өлтүрүштү.
    • Бирок үч күндөн кийин Ал кайрадан тирилди!
    • Биз күнөөлөрүбүздөн кечирилишибиз үчүн биздин жазабызды Ал алды!
  • Мисал үчүн келтирилген окуя: Эки эгиз (артка караңыз)

4. Кудай биз менен мамиледе болууну каалайт

Hand 4.png

(Аты жок: Кудай менен болгон мамиле)

  • Сиз түшүнгөндөй, Кудай биз менен болгон мамилени калыбына келтирүү үчүн, бардык иш аракетти жасады. Ал сизге Аны менен болгон жаңы, түбөлүк өмүр сунуш кылат.
  • Эми сиздин кезегиңиз: Анын сунушун кабыл аласызбы?
  • Бирок биз бул чечимдин кесепети болоорун түшүнүшүбүз керек. Бул мурунку эски жашоону таштап, Ыйсага жашагандай жаңы жашоону баштоо дегенди билдирет.
  • Биз бардык күнөөлөрүбүздөн баш тартып, Ыйса жүрөгүбүзгө киришин жана аны тазалашын сурануу менен бул чечимди чыгара алабыз.
  • Бул нике кыйылууда "ооба" деп айтылгандай. Биз качан "ооба" деп айтканда, Кудай дагы бизге "ооба" деп айтат. Ал сиз менен сүйлөшүүнү, сизди камсыз кылууну жана сиз менен жашоону каалайт!

5. Ыйык Рух сизди колдойт

Hand 5.png

(Чыпалак: Өсүүгө мүмкүнчүлүк бар)

  • Биз качан Анын сунушун кабыл алганыбызда, Ал бизди Өзүнүн Рухуна толтурат.
  • "Ыйык Рух" бул Кудайдын күчү. Ал сизге эмне кылыш керектигин көрсөтөт, алсыз жактарыңызды өзгөртүп, Ыйсага окшоп жашоону үйрөтөт.
  • Ошондой эле Ыйык Руху бар Кудайдын адамдары сизди колдоп, Кудайды жакшыраак түшүнүүгө үйрөтүшөт, ошондо Ал сизди колдоно алат.

Эки Эгиздер

Эки эгиз бала бар эле. Алардын бири өспүрүм кезинде туура эмес жолго түшкөн. Ал кылмыштуу топко кошулуп, үй-бүлөсү менен такыр байланышта болбой калган. Акыры ал киши өлтүргүч болуп калат. Бир күнү рейд учурунда ага тоскоол болгон бир адамды атып өлтүрүп салат. Сот учурунда акыркы жылдары такыр көрбөгөн эгиз инисин жолуктурат. Анын иниси чечим чыгаруучу судья эле! Ошондо тиги эгиздин түгөйү мындай деп ойлонот: "Жакшы, бул менин бир тууганым! Ал мени дагы деле жакшы көрөт болуш керек! Ал мени бул жактан алып чыгарат."
Анын иниси өлүм жазасы өкүмүн чыгарат! Ошондо экинчи түгөйү аябай ачууланып: "Эмне үчүн ушунчалык катуу өкүм чыгардың?!" деп, "бул сүйүүгө жатпайт да!" деди. Бирок анын иниси адилеттүүлүктү орнотуу үчүн жана мыйзамды сакташы үчүн ушундай кылууга туура келди.

Түн ортосунда соттолгон эгиз өлүм жазасын күтүп олтурганда, күтүлбөгөн жерден эшик ачылат. Бул анын эгизи эле! Аны көргөндө ага ачууланып. “Эмне үчүн мага өлүм жазасы өкүмүн чыгардың?”, - деп сурады.
“Мага ушундай кылуу туура келди. Бирок менде сага сунуш бар. Экөөбүз аябай окшошпуз. Кел, кийимдерибизди алмаштыралы. Мен бул жерде калам, сен болсо кете бер."
"Макул, сонун!", - деп түгөйү түрмөдөн чыгып кетти. Ал аябай сүйүнгөндүктөн, түнү бою майрамдады. Эртеси эртең менен ал: «Кое турчу, өлүм жазасы бүгүн эртең мененки саат 9га белгиленбеди беле», - деп, түрмөнүн дубалдарына барат. Бир кезде ок атылганын угат! Иниси анын жазасын алганын түшүнөт!Ошондо таптакыр айласы кетип, бир тууганынын үйүнө барат. Үйүнөн бир катты көрөт. Ал жерде,

"Сен бошсуң. Мен сенин жазаңды алдым. Мындан ары менин жашоомду жаша, чынчыл бол жана сен үчүн эмне кылганымды унутпа."


Кудайдын сунушуна менин жообум

Кудай өз милдетин аткарды. Азыр менин кезегим ...

Мен Кудайдын сунушун кабыл алдымбы?
□ Ооба □ Жок □ Билбейм
Мен түбөлүк өмүргө ээ экендигиме ишенемби?
□ Ооба □ Жок □ Билбейм
Күнөөлөрүмдөн жана туура эмес жолуман баш тарттымбы?
□ Ооба □ Жок □ Бир аз
Кудайдын Рухун алгандыгыма ишенемби?
□ Ооба □ Жок □ Билбейм


Мага эмне тоскоол болуп жатат?

Мен эмнени түшүнбөй жатам? Кайсыл суроодо өзүмө ишене албай жатам?



Кудай менен сүйлөшүү: Менин кийинки кадамдарым

Бул жерден сиз Кудай менен сүйлөшүү үчүн сунуштарды таба аласыз. Жүрөгүңүздөгү болгон бардык көйгөйдү жана Кудайга айткыңыз келген нерселердин барын айтсаңыз болот. Эгерде кандайдыр бир нерселерди түшүнбөй жатсаңыз ал тууралуу Кудайга ачык эле айтыңыз. Эгер кааласаңыз же сизге жардам болот деп ойлосоңуз Кудайга ишенген, Аны менен сүйлөшүп жүргөн тажрыйбалуу бирөөнүн сунушун колдонсоңуз болот.


Кудай, менин жашоомдогу кайсыл нерселер Сен каалагандай эмес? Кайсы күнөөлөрдөн баш тартуум керек?


Кудайым, мен Сени менен сүйлөшө алганым үчүн ыракмат. Мен Сенин эркиңе ылайык жашабагандыгымды түшүндүм. Кечир мени. Суранам, кечире көр мени _______________ (Кудай сизге эмнени ачканын айтыңыз) үчүн.

Ыйса, мага чыгуу жолун көрсөткөнүңө жана мен үчүн Өзүңдү курмандыкка чалгандыгыңа ыракмат. Мен жашоомду өзгөртүүгө жана Сен күнөө деп атаган бардык нерселерден арылууга даярмын. Мен Сенин каалагандай жашагым келет.


Ыйык Рух, мага жардам бере көр. Мени тазала жана толтур.

Эгер сиз мунун бардыгын чын жүрөктөн айтсаңыз, анда кимдир бирөөнү сизге бул жаңы жашоонун башталышы туураалуу түшүндүрүп берүүсүн сураныңыз. Ошондой эле ("Чөмүлүү" баракчасына кайрылыңыз).