Version: {{{1}}}

Терс мурастан арылуу

Other languages:
More information about Kyrgyz

Ата-энебиздин, чоң ата, чоң апа, таене, таята, деги эле ата-бабаларыбыздын жашоосу жана чечимдери бизди көп жагынан калыптандырып келет. Көп учурда өзүбүз аны билбесек да алар бизге таасирин тийгизет.

Бул дүйнөдө биз ата-бабаларыбыздан жакшы же жаман материалдык нерселерди мураска алат эмеспизби, мисалы, байлык же карыздар. Анысы сыңарындай, терс же оң рухий мурас алат экенбиз. Көбүнчө рухий мурасыбыздын бизге тийгизген бардык таасирин түшүнө албайбыз, бирок биз аны мурастап алганыбыз анык. Бактыга жараша, терс мурастан баш тартып, анын бардык таасиринен арыла алабыз. Албетте бул автоматтык түрдө болуп кетпейт - бул биздин толук түшүнүү менен кабыл алган чечимибиз болушу ыктымал.

Жакшы жаңылык: биз ата-бабаларыбызды тандаган эмеспиз, бирок алардан эмнени мурас кылып алып, эмнени албоону өзүбүз чече алабыз.

Күнөөнүн укумдан-тукумга тийгизген таасири

Эгер биз туугандарыбызды, үй-бүлөлөрүбүздү байкап көрсөк, анда бардыгыбызда күнөөнүн окшош үлгүлөрү бар экенин көрө алабыз. Мисалы араңызда тууганыңыз баттан ачууланып турса, мүмкүн атасы же чоң атасы да ошондой кылгандыр. Мурас бир гана айрым адамга эмес, бүт үй-бүлөгө таасирин тийгизет. Мисалы:

  • Сюзан ийгиликтүү академиктердин үй-бүлөсүнөн. Ата-энеси андан дайыма ийгиликке жетишүүсүн талап кылып, жакшы окуганга үгүттөп турушчу, анткени алар да өз ата-энелеринен ушундай тарбия алып келишкен. Ал өзүн бир гана ийгиликке жетүү аркылуу баалап калат. Аны Кудай эгер ал ката кетирбесе гана кабыл алат деп ишенет. Мурунку муундардай эле, ал эч качан өзүн өзү сүйүүнү же башкаларды сүйүүнү үйрөнгөн эмес. Ал ар дайым жалгыздыкта, ийгиликсиздиктен коркуп жашаган.

Кимдир бирөө күнөөгө каршы туруп, аны активдүү токтотпоюнча ал муундан муунга өтө берет. Күнөөдөн баш тартып ага каршы турганда гана укум-тукуму терс мураска ээ болушпайт!

  • Кэрол аттуу кыздын турмушка чыгаарына аз калган, бирок келечекте жолдошу аны таштап кетсе эмне болот деген коркунуч анын тынчын акыркы күндөрү алып жатты. Ушул тууралуу ал Кудайга сыйынып жатканда, Кудай ага туугандарынын арасында аялдарын таштап кеткен эркектерди көрсөттү. Чоң атасы чоң апасын, өзүнүн атасы апасын таштап, ажырашкандыгы "эркектерге ишенүүгө болбойт" деген ойду анын аң сезиминде калыптандырып койгон. Ушул терс мураска байланыштуу бардык нерсени ал кечирип, андан баш тарткандан кийин гана, ал бул коркунучтардан арылып, кубанычка бөлөнө алган.

Ыйса бизге жаңы мурас тартуулайт

Кудай бизге Ыйса Машайак аркылуу Анын балдары жана Анын үй-бүлөсүнүн мүчөсү болууга мүмкүнчүлүк берет (Жакан 1:12-13). Ушул тууралуу (“Кудайдын окуясы”) баракчасын караңыз. Анын сунушун кабыл алып, кайрадан төрөлгөндө, Ыйса бизге жаңы мурас берет (Римдиктерге 8:17). Ошондой эле ал аркылуу биз ата-бабаларыбыздан калган мурастын терс таасиринен арыла алабыз.

Биз башында, билип билбей эле терс мурастуу болдук. Бирок көп учурда атайы же атайы эмес болсо да - ошол мурастын күнөөлөрү жана туура эмес жактары менен шерик боло баштадык. Ошентип, ата-бабаларыбыздай эле биз да күнөөгө баттык. Эми чындыгында эркин болушубуз үчүн, биз бул күнөөлөрдү Кудай алдында ачык айтып, мойнубузга алып, өкүнүп, анан андан баш тартуубуз керек. Албетте биз жөн эле сыйынып, Ыйсадан терс мурастан арылууну сурансак болот; бирок эгерде биз жашообуздун кайсы чөйрөлөрүндө күнөөлөрдүн киргенин билбесек жана аларды жасай берсек, анда көп өзгөрүүлөрдү көрбөйбүз. Ошондуктан Ыйсанын бизге кайсыл чөйрөдө күнөө орун алганын майда чүйдөсү менен көрсөткөнү бизге пайдалуу. Эгерде биз ата-бабаларыбыздын күнөөлөрү менен жашап, алар жасагандай эле терс нерселерди жасап келе жаткан болсок, анда жөн гана аларды тануу жетиштүү эмес. Биз ал күнөөлөрдөн баш тартып, тобо кылышыбыз зарыл.

Колдонуу

Кудай менен сүйлөшүп жатканыбызда, Ал бизге аз-аздан, рухий мурасыбыздын терс элементтерин көрсөтөт. Эгерде биз ушул нерселерди тазалоо үчүн бардык керектүү кадамдарды жасасак, анда алар бизге үстөмдүк кыла алышпайт.

Жакшы жардамчынын колдоосун сураныңыз! Эгерде сиз өзүңүздү кыйнап жаткандай же кандайдыр бир деңгээлде ыңгайсыз сезип жатсаңыз, анда ал тууралуу ачык эле айтыңыз! Эгер сиз Кудай менен сүйлөшүүгө даяр болсоңуз, анда мындайча баштасаңыз болот:

{{{1}}}

Кудайдын сизге көрсөтүүсүн сураныңыз. Ошондой эле Ал бул күнөө сиздин үй-бүлөңүзгө качан жана кантип киргендиги жөнүндө кененирээк маалымат берет.
Үй-бүлө мүчөлөрдү күнөөлөр үчүн жана шайтанга эшикти ачкандыгы үчүн кечириңиз.

Ыйык Рух, мен бул күнөөгө качан аралаштым?

Тобо кылып, Кудайдан күнөөлөрүңүз үчүн кечирим сураңыз.
Ушул күнөө аркылуу сиздин жашооңузга жалган киргендигин Кудайдан ачып берүүсүн сураңыз. Эгер жалган нерсе орун алган болсо, аны четке кагып, Ыйса сизге чындыкты көрсөтүүсүн сураныңыз.

{{{1}}}

Ask God if a lie came into your life through this sin. If so, reject this lie and let Jesus show you the truth.
You can ask God if something was stolen from you and your family through this sin. If yes, claim it back, ask God for His blessing, and pray for your family as well.
Зарыл болсо, Ыйсадан дагы кандай кадамдарды жасашыңыз керектигин сураныңыз. Эгер ал дагы бир көйгөйдү сизге көргөзсө, колдонмо көрсөтмөсүн кайрадан баштаңыз.