Translations:Bible Reading Hints/1/ky
Кудай Өзүнүн Сөзүн, Анын Ким экендигин жана Анын эркин билишибиз үчүн берди. Биз Ыйык Китепти Аны жакыныраак таанышыбыз үчүн жана бизге калтырган осуяттарын аткарышыбыз үчүн окуйбуз. Бул принциптер бардык жерде бирдей. Суроо: Кайсыл китептен окуп баштоо керек? Сиздин турмушуңузга жана башыңыздан өткөргөн окуяларга таянып кеңештерди бере алабыз. Бул версияларда негизги түзүмдөр окшош келет, бир гана сунушталган окуулар айырмаланат. Төмөндө Лука жана Элчилер иштери китептеринен окууну баштоону сунуш кылган "стандарттык" версияны көрө аласыз.