Translations:Confessing Sins and Repenting/28/ky
- Абийирибиз
- Ички үн сыяктуу, абийирибиз туура эмес иш жасаардын алдында бизди эскертет. Абийирибиз "туура" жана "туура эмес" деп эсептелген чөйрө менен шартталып, калыптанып калган. Бирок бул Кудайдын осуяттарына дайыма эле ылайык келе бербейт. Демек, биз бир гана абийирибизге ишене албайбыз. Кээде абийирибиз бизге жалган эскертүүлөрдү бериши мүмкүн, ал эми башка жагдайларда Кудайдын көз алдында кандайдыр бир күнөө болсо дагы ал эскертпей коюшу мүмкүн. Ошондуктан Кудай бир нерсени күнөө деп эсептесе, анда аны текшерип, биздин ой-сезимдерибизди ошого жараша калыптандырышыбыз керек.