Translations:Forgiving Step by Step: Training Notes/25/ky

Катышуучулар бул процессти өздөрү баштан өткөргөндө же сиз башка бирөөнү кечиримдин кадамдары негизинде ар бир кадамдан өткөргөнүңүздү байкаганда мазмунун эң мыкты үйрөнүшөт. Албетте, бул бир топ тажрыйбаны талап кылат, айрыкча, бүтүндөй топтун алдында бирөөнү ар бир процесстен өткөрүп жатканыңызда. Өзүңүздү ыңгайлуу сезип жатканда гана жана эмне кылып жатканыңызды толук түшүнүп жатканда гана бул нерсени кылсаңыз болот! Сизди даярдоону ушул курсту өткөрүп жүргөн тажрыйбалуу адамдан сураныңыз.