Translations:Leading Others Through Forgiveness/10/ky

Төртүнчү кадамга келгенде, сыйынып алганыңыз жакшы болот. (Мисалы: "Кудайым, биз алдыңызга сот катары келдик. Ушундай айыптардын бардыгын сизге айта алганыбызга рахмат. Ыйса, ушул процессте ___ге жардам бериңиз). Эми Кудайга айыптарды өткөрүп бергиле деп, аларга айтыңыз. Көп учурда тажрыйбасыз болсо, аларды жетектөө үчүн, "менден кийин кайталаңыз" методун колдонсоңуз болот. Айыптоолорду Кудайга тапшыргандан соң, алар: "Ыйык Рух, айыптардын тизмесине дагы эмнени кошушум керек?" деп сурашсын. Көбүнчө Кудай аларга дагы башка жактарын көрсөтөт. Аларга буларды да Кудайга тапшыруусун айтып, аягында таптакыр эч нерсе калбаганына толук көздөрү жеткенин тастыктаңыз.