Translations:Leading Others Through Forgiveness/28/ky

Чындыгында, мындай учурда деле кадимки кадамдардан өткөргөндөй эле жетектейсиз. Болгону кечириш керек болгон адам өздөрү болуп калат жана алар күнөө кылгандыгы үчүн жана өздөрүн күнөөлөгөн жери үчүн кечирим сурашы керек. 1-3- кадамдарды жасагандан кийин, тобо кылууну уланта беришсин: Туура эмес кылгандарын айтып (күнөөлөрүн мойнуна алып) Кудайдан кечирим сурашсын. Алардан сураңыз: "Кудай сизди кечирди деп ишенесизби?"
Эгер алар билбей жатышса, анда алгач көйгөйдү чечүү керек (бардыгын түшүнмөйүнчө Жакшы Кабардан баштоо зарыл болуп калышы да мүмкүн; 1 Жакан 1:9 окуу керек; балким, алар күнөөлөрүнүн кээ бир жактарын эске алышкан эмес ж.б.у.с.); Кудай аларды кечиргенине толугу менен ишенгенде, 5-кадамда өзүлөрүн кечиргендерин айтышат ("Мен сени кечирдим" деп).