Translations:Leading Others Through Forgiveness/7/ky

Ушул кадамдардан өтүп жатканда кунт коюп угуңуз. Эгер сиз алардын маанилүү аспекттерди таштап баратканын байкасаңыз, аларга туура суроолорду берип, багыттаңыз. Мисалы, көп учурда адамдар өз сезимдерин унутуп калышат (2-кадам): Алар бир нерсени айтышы мүмкүн ( мисалы: " Мага көңүл бурбай коюшту. Мени туура эмес түшүнүштү."), бирок булар али түпкү тамырланган сезимдер эмес. Бул учурда, сиз алардан конкреттүү кандай сезимде болгонун сураңыз. Аларга сезимдердин ар кандай түрлөрүн атоо менен жардам берсеңиз болот ("Сиз ачууландыңызбы же капа болдуңузбу?")