Translations:Overcoming Fear and Anger/5/ky
Мунун себебин түшүндүрүүнүн жакшы жолу - эшик метафорасын колдонуу. Коркуу эшигин элестетип көрүңүз. Ал эшик ачык болгон сайын, коркуу сезими кире берет. Эшик бир аз эле же кээде эле ачылышы мүмкүн бирок ошого карабастан коркуу сезими кире берет. Ошондой эле, ал кеңири ачык болуп, адамдын ар бир ойлогон жана кылган ишинде коркутуу сезимин пайда кылышы ыктымал. Анысы сыңарындай, биздин жашообузда ачуулануу эшиги да бар. Эгер бул эшиктер дайым жабык болсо, анда эч кандай коркуу жана ачуулануу сезимдери жашообузга кирбейт экен.