Translations:Overcoming Negative Inheritance/10/ky

Кэрол аттуу кыздын турмушка чыгаарына аз калган, бирок келечекте жолдошу аны таштап кетсе эмне болот деген коркунуч анын тынчын акыркы күндөрү алып жатты. Ушул тууралуу ал Кудайга сыйынып жатканда, Кудай ага туугандарынын арасында аялдарын таштап кеткен эркектерди көрсөттү. Чоң атасы чоң апасын, өзүнүн атасы апасын таштап, ажырашкандыгы "эркектерге ишенүүгө болбойт" деген ойду анын аң сезиминде калыптандырып койгон. Ушул терс мураска байланыштуу бардык нерсени ал кечирип, андан баш тарткандан кийин гана, ал бул коркунучтардан арылып, кубанычка бөлөнө алган.