Translations:Overcoming Negative Inheritance/13/ky

Биз башында, билип билбей эле терс мурастуу болдук. Бирок көп учурда атайы же атайы эмес болсо да - ошол мурастын күнөөлөрү жана туура эмес жактары менен шерик боло баштадык. Ошентип, ата-бабаларыбыздай эле биз да күнөөгө баттык. Эми чындыгында эркин болушубуз үчүн, биз бул күнөөлөрдү Кудай алдында ачык айтып, мойнубузга алып, өкүнүп, анан андан баш тартуубуз керек. Албетте биз жөн эле сыйынып, Ыйсадан терс мурастан арылууну сурансак болот; бирок эгерде биз жашообуздун кайсы чөйрөлөрүндө күнөөлөрдүн киргенин билбесек жана аларды жасай берсек, анда көп өзгөрүүлөрдү көрбөйбүз. Ошондуктан Ыйсанын бизге кайсыл чөйрөдө күнөө орун алганын майда чүйдөсү менен көрсөткөнү бизге пайдалуу. Эгерде биз ата-бабаларыбыздын күнөөлөрү менен жашап, алар жасагандай эле терс нерселерди жасап келе жаткан болсок, анда жөн гана аларды тануу жетиштүү эмес. Биз ал күнөөлөрдөн баш тартып, тобо кылышыбыз зарыл.