Translations:Overcoming Negative Inheritance/6/ky

Сюзан ийгиликтүү академиктердин үй-бүлөсүнөн. Ата-энеси андан дайыма ийгиликке жетишүүсүн талап кылып, жакшы окуганга үгүттөп турушчу, анткени алар да өз ата-энелеринен ушундай тарбия алып келишкен. Ал өзүн бир гана ийгиликке жетүү аркылуу баалап калат. Аны Кудай эгер ал ката кетирбесе гана кабыл алат деп ишенет. Мурунку муундардай эле, ал эч качан өзүн өзү сүйүүнү же башкаларды сүйүүнү үйрөнгөн эмес. Ал ар дайым жалгыздыкта, ийгиликсиздиктен коркуп жашаган.