Version: 1.0

Окуу жолугушуусунун планы

Сиздин группаңыз менен ар жумада же эки жумада бир жолу жолугушуп турууну чечип алыңыз. Ар бир жолугушууга кылдаттык менен даярданыңыз, ар бир катышуучу үчүн сыйынып, Кудайдан кийинки жолугушуу жөнүндө эмне айткысы келгенин сураңыз.

Өзүңүзгө Үчтөн үч процесси схемасын камдап алыңыз, анткени ал керек болуп калышы мүмкүн. Муну эмне үчүн кылып жатканыңызды эң маанилүү үч буйрук аркылуу түшүндүрүп бериңиз.
Окутуу жолугушуусун болжол менен эки саатка пландаштырган жакшы, анткени дайындалган материалдар эки саатка негизделген. Бирок, керек болсо, аз убакыттын ичинде деле өткөрсөңүз болот, мүмкүн кээ бир нерселерди өткөрүп жибересиз калың шрифттер. Кандай болбосун, ар бир бөлүккө жетиштүү убакыт бөлүү үчүн жана ар бир үчүнчү убакыт болжол менен үчтөн бир бөлүккө ээ болуш үчүн убакытты туура пайдалануу маанилүү.

Үч бөлүктүн биринчиси: Адамдарды сүйүү

Бөлүшүү, баалоо, көйгөйлөрдү чечүү жана бири-бирибизди колдоо (болжол менен 40 мүнөт)

15 мүнөт 1. Кандайсыз? (Пасторалдык жардам): Ар бир катышуучунун жашоосунда болуп жаткан окуяларды угууга убакыт бөлүңүз. Кимдир бирөө өзгөчө бир муктаждыгын бөлүшкөндө, ошол тууралуу сыйыныңыз жана кантип ага жардам көрсөтсө болоорун ойлонуңуз.
15 мүнөт 2. Жоопкерчилик Ар бир адамдан акыркы жолу койгон максаттарына канчалык деңгээлде жетишкендигин айтып берүүсүн сураныңыз. Кошумча катары Матай 4:19га негизделген төмөнкү эки суроону берсеңиз болот:

Балыкчы: Өткөн жумада Кудай жөнүндө башкалар менен кандайча бөлүшө алдыңыз?
Ээрчүү: Өткөн жумада Кудай ачкан нерселерди иш жүзүндө кандайча колдоно алдыңыз?

Кимдир бирөө өзүнүн күбөлүгүн же Жакшы Кабарды башка бирөөгө айтып бергенде, бардыгы кандайча өткөндүгүн сураңыз. Ал эми катышуучулардын арасында кээ бир бир туугандардын өздөрүнүн группасы бар болушу мүмкүн. Аларга да мезгил-мезгили менен чогулушуу кандай өтүп жатканын сурап, көйгөйлөрү болсо чечүүдө аларга да колдоо көрсөтүңүз.
Группанын жетекчиси катары өткөн жумада койгон максаттарыңыз тууралуу башкалар менен бөлүшүүнү сиз да унутпаңыз. Ар бир адам өзүнүн ийгиликтери жана катачылыктары жөнүндө ачык айта алышы үчүн ачык жана шыктандыруучу шарт түзгөнгө аракет кылыңыз.

10 мүнөт 3. Көрө алуу: Көрө алуу - бул Кудай үчүн мүмкүн болгон нерсени жана Ал ар бир адамдын потенциалын кандайча көрөөрүн сүрөттөө.

Бул аларга үйрөнгөндөрүн иш жүзүндө колдонууга үндөйт, ошондой эле окуу процессине жетектөө жана мотивация болот. Сүрөттөп айтканда, көзүбүздүн фокусу тез эле ылдый биздин бутубузга, ал турган топуракка жана таштарга түшүп калат. Тескерисинче көңүлүңүздү өйдөгө Кудайга буруп, кийинки кадамдарыбыз кандай болоору жөнүндө ой бөлүшүңүз.
Сиз башкалардын визуалдык кыскача бөлүшүүлөрүн колдонсоңуз же ошол группа тууралуу жеке ой-пикириңиз менен бөлүшсөңүз болот. Мүмкүн болсо, креативдүү болуп, ой-пикирлериңизди бекемдөө үчүн медиа же башка каражаттарды колдонуңуз.

Үч бөлүктүн экинчиси: Кудайды сүйүү

Кудай менен болгон мамилебиздин өсүшү (40 мүнөт)

15 мүнөт 4. Даңктоо: Музыканын коштоосу менен же коштоосу жок эле Кудайды даңктаңыз. Даңктоодо Ага ыраазычылык жана сүйүүңүздү билдириңиз. Даңктоону кантип жетектөөнүн жөнөкөй ыкмаларын көрсөткөнүңүз маанилүү(мисалы, музыкасыз даңктоо, youtube же башка жазылган ырларын колдонуу, Забур ырларын окуп, Кудайга ыраазычылык билдирүү, ...)
25 мүнөт 5. Сабак: Сабакты өткөргөн соң суроолор болсо ага түшүндүрмө бериңиз. Же болбосо, Ыйык Китептен бир үзүндү окуп, андан эмнеге үйрөнсөк болоорун сурасаңыз болот (discovery Bible study суроолору) колдонсоңуз болот. Бул бөлүк чогулуштун көп убактысын албай тургандыгын текшериңиз.

Үчтүн үчүнчү бөлүгү: Шакирттерди даярдоо

Иш жүзүндө колдонууга жана көбөйүүгө даярдануу (болжол менен 40 мүнөт)

25 мүнөт 6. Практика: Эгерде сабактын белгилүү бир колдонмосу болсо, анда аны ушул бөлүктө аткарыңыз (Сиздин окуяңыз: азыр жазып алыңыз; Сыйынуу: Сыйынуунун ар кандай түрлөрүн колдонуңуз ж.б.). Же болбосо, сиз бул сабакты эки адамдан турган топко бөлүп бири-бири менен практика жүзүндө колдонуусун сунуштаңыз. Максат - ар бир адам сабактын мазмуунун туура түшүнүп, андан соң башкаларды үйрөтө алгыдай болуш керек.
5 мүнөт 7. Максаттарды коюуу: Ар бир адамга ойлонууга, сыйынууга жана жеке максаттарын коюууга убакыт бериңиз. Андан кийин ар бир адам койгон максаттары тууралуу баары менен бөлүшсүн.
10 мүнөт 8. Сыйынуу: Бири-бириңер үчүн сыйынгыла: үйрөнгөндөрдү иш жүзүндө колдонууга Кудайдан күч сурап, Ыйык Рухтун жетектөөсүн, жеке маселелер үчүн ж.б. Бүт топ болуп чогуу сыйынсаңар болот же кичине топторго бөлүнсөңүздөр болот.

Калың шрифттегилер

Үчтөн-Үч Процесси диаграммасында айрым бөлүктөр калың шрифт менен жазылган: жоопкерчилик, максат, практика, максаттарды коюуу жана сыйынуу. Булар маанилүү бөлүктөр. Алар топтордун көбөйүшүнө жана шакирттердин шакирт даярдоосунда колдонуучу маанилүү бөлүктөр...
Эгер убакыт тартыш болуп жатса, калың эмес бөлүктөрдү таштап кетсеңиз болот. Бул кызыктай сезилиши мүмкүн, бирок сиз сабак бөлүгүн такыр колдонбой деле койсоңуз болот! Баардыгына ыңгайлуу болот жана ушундай кылуу менен мурунку теманы кайталоо мүмкүнчүлүгү да пайда болот.