download: Pdficon.png
Odticon.png
Version: 1.1

Менин Кудай менен болгон күбөлүгүм

Элчилер 9:1-18, аяттардан Кудай Пабылдын жашоосун кантип өзгөрткөнүн жана ал кантип Ага кайрылып калганы тууралуу окуйбуз. Ал эми 22:1-21, бөлүмдө Пабыл өзүнүн окуясын көпчүлүктүн көзүнчө айтып берет жана 26:1-23 бөлүмдө ал падышанын алдында сотто күбөлөндүрүп жатат. Ушундан улам, биз Пабыл өзүнүн күбөлүгүн ар дайым каякка барбасын жана кимдин алдында болбосун айтып турчу деп болжолдосок болот.

Ал эми биздин да кантип ишенип калганыбыз тууралуу күбөлүгүбүз бар: башыбыздан өткөргөн көп нерселер жана Анын жардамы менен кантип өзгөрүлгөндүгүбүз тууралуу. Бул биздин жашообуздун бөлүгү жана аны эч ким тана албайт. Ошентип, биз да мүмкүнчүлүк болгондо, Пабылга окшоп, күбөлүгүбүздү башкалар менен бөлүшө алабыз. Биздин күбөлүгүбүз:

  • Кудайдын улуулугун көрсөтөт;
  • Адамдардын Кудайга болгон кызыгуусун арттырат;
  • Рухий жактан күчтүү адамдарды табууга жардам берет.

Ошентип, сиздин күбөлүгүңүз Кудайдын окуясын бөлүшүп берүүгө болгон көпүрө сыяктуу болуп калат.

Схема

  1. Мурда...
    Менин жашоом мурда кандай болчу эле?
  2. Өзгөрүлүү
    Мен эмне тууралуу уктум, андан кийин эмне болду? Эмнеге бул нерсе жүрөгүмдөн орун алды? Ыйсаны ээрчүү чечимин кандайча кабыл алдым?
  3. Кийин...
    Кудай мени кандайча өзгөрттү? Жаңы жашоомдон эмнени күтөм?

Маанилүү нерсе:

  • Кайсыл нерсеге көңүл бурасыз, кайсы маалыматты кабыл аласыз да, кайсыл маалыматты кабыл албайсыз? Ушул тууралуу кыскача жана жөнөкөй жазыңыз (300 сөз/максимум 3 мүнөт; 1-2 мүнөт болсо андан да жакшы).
  • Түшүнүктүү айтып бериңиз: Диний лексиканы колдонбой өзүңүздөн сураңыз: башка адам менин айта турган сөздөрүмдү түшүнүп жатабы?

Практика: Башкалар түшүнүшү үчүн, өзүңүздүн окуяңызды кантип ырааттуу жана ийгиликтүү бөлүшүүнүн жолдору тууралуу ойлонуңуз. Окуяңызды жазып, андан соң башкаларга айтып бериңиз.

Окуямды колдонуу

Төмөнкү үч багыт башкалар менен жемиштүү баарлашуунун ачкычы болуп саналат:

Алардын күбөлүгү

Чоочун бирөө менен же досуңуз менен сүйлөшүп жатканыңызда: Уга билиңиз да! Алардын үй-бүлөсү, жашоосу, кыйынчылыктары, максаттары жана Кудай менен болгон окуялары жөнүндө суроолорду бериңиз. Алардын жашоосунда Кудай кандайча иштегенин билүүгө аракет жасаңыз.

Менин күбөлүгүм

Күнүмдүк жашооңузда Кудай сиздин жашооңузду кантип өзгөрткөнү тууралуу бөлүшүүгө даяр болуңуз.

Кудайдын күбөлүгү

Алар үчүн эң маанилүү нерсе- бул Кудайдын аларга болгон сунушу. Көбүрөөк түшүндүрүп берип, ("Кудайдын окуясы" баракчасын караңыз) алардын бул тууралуу кабыл алуусун байкаңыз.

Менин максаттарым

Ушул адамдар менен күбөлүгүмдү бөлүшкүм келет: