download: Pdficon.png
Odticon.png
Version: 2.0

Жыйын

Жыйын үй-бүлө катары

Family.png

Качан тобо кылып, жогорудан төрөлгөндө, биз Кудайдын үй-бүлөсүнүн катарына киребиз. Ар бир рухий бала рухий үй-бүлөгө муктаж. Кудай биздин асмандагы Атабыз, ал эми биз бири-бирибиз менен Ыйсанын шакирттери катары бир туугандай болуп калабыз. Үй-бүлө - бул Кудайды жакшыраак таанып билүү жана Ага болгон ишенимди өстүртө турган коопсуз жер. Үй-бүлө бири-бирибиз менен туура мамиледе болууну да үйрөтөт жана биз үчүн кам көрөт.

Жыйын дене сыяктуу

Body.png

Жаңы Келишим Ыйса менен шакирттердин ортосундагы мамилени бир дене катары баяндайт. Дененин мааниси - бул ар бирибиз дененин мүчөсүбүз жана ар бирибиздин өзгөчө ролубуз бар. Ыйса - баш; ал эми биз башка мүчөлөрүбүз, Ал бардыгыбызды бириктирип,бизди жетектеши үчүн, биз Ага туташышыбыз керек. Биз дене сыяктуу барыбыз чогуу биргелешип кызмат кылышыбыз керек. Ошондо, биз Ыйсага окшошобуз жана Ал биз аркылуу иштей алат.

Жыйын бир команда сыяктуу

Team.png

Команда - бул бир максатты көздөп, биргелешип иштөөнү чечкен адамдардын тобу. Алар чогуу машыгышат жана максатка жетүү үчүн көп керектүү иш аракеттерди жүргүзүшөт. Ыйса Өз Жыйынынын биримдикте болушун каалайт. Ал бизге ким менен команда түзүшүбүз керектигин жана бизди ким жетектей аларын көрсөтөт.

Мындан улам түшүнсөк болот, “жыйын” бул имарат эмес, ал Ыйсанын шакирттеринин чогулушу. Жыйын каалаган жерде болушу мүмкүн: сейил бактарда, мектептерде, кафелерде, сыйынуу үйлөрдө, офистерде, үйдө же онлайн.

Жыйындын үч түрү (үй-бүлө, дене, команда) сиздин жашооңузда кандайча орун алган?

Жыйын Ыйык Элчилердин иштери китебинде

Жаңы Келишимде “жыйын” деген сөз үч башка мааниде колдонулат:

  1. Ыйсанын дүйнөдөгү бардык шакирттери (глобалдык "Машаяктын денеси")
  2. Ыйсанын шаардагы/региондогу бардык шакирттери
    Мисалы: "Иерусалимдеги Жыйын" (Элчилер.иш 11:22)
  3. Дайыма чогулуп турган бир туугандардын тобу
    Мисалы: "Прискила менен Акиланын үйүндөгү жыйын" (Римдиктерге 16:5)

Бул жерде үчүнчү мааниге көңүл буралы. Кайсы элементтер өзгөчө жыйынды түзөт?

Элчил.иш 2:37-47 аяттарын окуңуз

Жыйындын элементтери

Чөмүлүү

"Чөмүлүү" деген сөз тазалануу же жуунуу дегендей эле "сууга чумкуу" дегенди билдирет. Ыйса чөмүлдүрүлгөндөй эле биз дагы сууга чөмүлүшүбүз керек, ошондо биз Ага кошула алабыз. Ыйса өз шакирттерине мындай деп буйрук кылат:
" ... Аларды Ата, Уул жана Ыйык Рухтун атынан сууга чөмүлдүргүлө". (Матай 28:19)

Элчилерд.иш 2:38ди кайрадан окуп, ал жерде "жогорудан төрөлүүнүн" маанисин кандайча түшүндүрүлүлгөнүн карап көрүңүз:
Биз мурдагы жашообузга өкүнүп, аны көөмп коебуз. Ыйса өлүп кайра тирилгендей эле, биз да сууга киргенде эски жашообузду калтырып, кайра суудан чыкканда жаңы жашоо үчүн чыгабыз (Римд. 6:1-11). Андан соң Ыйса Өзү баш болгон жана Ыйык Рухка толгон жаңы жашоону баштайбыз. (Толугураак маалымат алуу үчүн “Чөмүлүү” баракчасын караңыз).

Теңирдин Кечки Тамагы

Ыйса Теңир ыйык каны менен биздин күнөөлөрүбүздү жууганын эстеп турушубуз үчүн бизге Кечки Тамак осуятын таштап кеткен (Лука 22:15-20). Ошондон улам Анын биз үчүн эмне кылганын эскериш үчүн атайын ушул нерсеге убакыт бөлөбүз. Кечки Тамакка катышуунун алдында, биз өзүбүздү текшеришибиз керек, күнөөлөрүбүз болсо тобо кылып, кечирим сурашыбыз керек. (1 Корунт.11:23-29, ошондой эле "Тобо кылуу" баракчасын караңыз).

Келишим

Азыркы учурда Кудайга ишенген жана сууга чөмүлгөн бир туугандар топ түзүп бирге чогулуп турууну чечишет. Алар бири-бири менен келишим түзүп, өздөрүн Кудайдын жыйыны катары көрө башташат да, Кудайдын эркин чогуу аткарууга милдеттенишет.

Кызматчылар

Күчтүү жыйындарда лидерлер, кызматчылар бар, алар ар бир бир тууганга кам көрөт жана алардын жашоосунун бардык бөлүгүндө Кудайдын эркин аткарууга колдоо көрсөтүшөт.

Берүү

Кудайга ыраазычылык белегин берүү - бул Аны даңктоо болуп эсептелинет. Кудайга жашообуздун көп тармактарында курмандыктарды алып келе алабыз, мисалы, убактыбыз же жөндөмдөрүбүз аркылуу. Ошондой эле Кудай бизден эмгек акыбыздын бир бөлүгүн Ага берүүнү буюрган (тагыраак айтканда ондук). Бул Кудайдын бизге калтырган маанилүү осуяттарынын бири.

Даңктоо

Биз Кудайды даңктап мактайбыз.

Достук

Биз бири-бирибизге сүйүү менен кам көрөбүз.

Сыйынуу

Кудай менен сүйлөшөбүз.

Машыгуу

Биз Ыйык Китепти окуп, бири-бирибизди Кудай Сөзүн күнүмдүк жашообузда колдонуп жашаганга үйрөтөбүз.

Көбөйүү

Биз Жакшы Кабарды таратып, Ыйык Рухтун күчү менен шакирттерди даярдайбыз.



Азыр командага бөлүнүп, ойлонуңуздар: Айтылган элементтердин кайсынысы силердин командада бар?

Идеалдуу жыйынга жакыныраак болуш үчүн кийинки кадамдарыңыз эмнеден башталышы керек? (Эмнелер кошулуш керек? Убакыт ар бир нерсеге туура эле пайдаланылып жатабы? ж.б.)