download: Pdficon.png
Odticon.png
Version: 2.1

Чөмүлүү

Окуя

(Матай 3:11, 13-17; 28:18-20)

Ыйса адамдарды окутуп, айыктыра электен мурун, Иордан дарыясына сууга чөмүлүү үчүн жөнөгөн. Ал эми Жакан аттуу пайгамбар ошол жерде Куткаруучу жакында келет деп элдерди күнөөлөрүнөн баш тартууга чакырып жаткан. Ыйса болсо алар күтүп жаткан Куткаруучу эле!

Ыйсада эч кандай күнөө болгон эмес, бирок бизге үлгү болуш үчүн жана Жакандын айткан сөздөрүнө макулдугун көрсөтүш үчүн Ал Жакан тараптан сууга чөмүлгүсү келди. Бирок Жакан Аны токтотуп: «Мени Сен чөмүлдүрүшүң керек эле. А Сен болсо мага келе жатасыңбы?» - деди. Жакан Ыйсанын андан улук экенин билген. Качан гана Ыйса ага ушундай кылуу туура экендигин түшүндүргөндө, Жакан Аны чөмүлдүрүүгө макул болгон.

Жакан Ыйсаны чөмүлдүрдү. Ошентип, Ыйса сууга чөмүлдүрүлөрү менен, асмандан Кудайдын үнү угулду: «Бул Менин сүйүктүү Уулум, Мен Ага ыраазымын».

Жердеги кызматынын аягында Ыйса Өзүнүн шакирттерине дүйнө жүзүндөгү бардык элдерге Жакшы Кабар таратып, аларды Атанын, Уулдун жана Ыйык Рухтун атынан чөмүлдүрүүнү буйруган. Ошондой эле алар Ыйса буйругандарынын бардыгын аткарууну үйрөтүшү керек эле. Шакирттери буйрук кылгандай, алар кайда барбасын, Ыйсаны кабыл алып тобо кылгандарды сууга чөмүлдүрүштү.

Практика Окуяны айтып берүү!

Суроолор

  1. Бул окуядан сууга чөмүлтүлүү тууралуу эмнени билдиңиз?
  2. Эмнени аткаруу керек?

Сууга чөмүлүүнүн мааниси

"Чөмүлүү" деген сөз тазалануу же жуунуу дегендей эле "сууга чумкуу" дегенди билдирет. Ыйса чөмүлдүрүлгөндөй эле, Ага ишенгендердин баары сууга чөмүлдүрүлүшү керек. Ыйса шакирттерине Матай жазган Жакшы Кабарда мындай деп буйрук кылат: “... Аларды Ата, Уул жана Ыйык Рухтун атынан сууга чөмүлдүргүлө” (Матай 28:19)
Бул аяттын мааниси Элчилердин Иштеринин 2:38де(бул аятты жаттайбыз) бизге айкын болот:

Петир аларга: "Күнөөңөр кечирилиши үчүн, тобо кылгыла, ар бириңер Ыйса Машаяктын ысымынын урматына сууга чөмүлдүрүлгүлө, ошондо Кудай силерге Ыйык Рухту белек кылат".

Атанын атынан тазалануу

Күнөөлөрдү моюнга алуу жана тобо кылуу

Биз күнөөлөрүбүздү моюнга алып, алардан баш тартабыз. Күнөөлөрүбүздү килемдин астына шыпшырып катып койбойбуз, тескерисинче ар бир күнөөбүздү ачык атап мойнубузга алабыз (1 Жакан 1:9). Кудайдын эркине каршы жашаган жерлерибизди да айтабыз. Андан соң Кудайдан кечирим сурап, кетирген күнөөлөрдү кайрадан кылганды токтотобуз. Кудайдын жардамы менен биз ой жүгүртүүбүздү жана жүрүм-турумубузду өзгөртүп, Кудайдын эркине ылайык жашайбыз.

Уулдун атынан тазалануу

Сууга Ыйса Машаяктын атынан чөмүлүү

Сууга чөмүлүү "кайра төрөлүү" деп да аталат (Тит 3:5). Римдиктер 6:1-11де бул аяттын мааниси түшүндүрүлөт:
Ыйса өлүп кайра тирилгендей эле, биз да сууга киргенде эски жашообузду калтырып, кайра суудан чыкканда жаңы жашоо үчүн чыгабыз. Биздин эски күнөөкөр табиятыбыз өлүп, биз “күнөөнүн кулу” болбой калдык. Демек, биз мындан ары күнөө кылбашыбыз керек. Биз эми "жаңы адамбыз" (2 Корунттуктар 5:17). Сууга чөмүлүү менен биздин эски жашообуз көмүлүп жаңы жашоо башталат, Ыйсанын жетектөөсү менен болгон толугу менен жаңы жашоо.

Ыйык Рухтун атынан тазалануу

Кудайдын Ыйык Рухун кабыл алуу

Кудай бизге Өзүнүн Рухун бергиси келет. Ыйык Рух биз үчүн "Кудайдын күчү": Ал бизге Кудайдын эркин аткарууга жана шайтанга каршы турууга жардам берет. Ал бизде сүйүү, кубаныч, тынчтык жана чыдамдуулук сыяктуу жакшы жемиштердин өсүшүнө жардам берет (Галатиялыктар 5:22).
Кудайдын Рухун кабыл алганыбызда, биз толугу менен өзгөрүлөбүз жана бул сыртыбыздан да белгилүү болуп турат (мисалы: Элчилер 19:6). Ошондой эле Рухий жөндөмдүүлүктөрдү алабыз (1 Корунттуктарга 12: 1-11 жана 14: 1-25). Рухий жөндөмдөр бизге колдоо. Ошондой эле башкалар Рухий жөндөмдөр аркылуу Кудайдын күчүн сезип, шакирт боло алышы үчүн да биз аларды колдоно алабыз.

Сууга чөмүлүүгө даярдануу

Ишенимиңизди сууга чөмүлүү менен бекемдесеңиз болот!

  • Качан чөмүлүү керек?
  • Кимди чакырышыбыз керек?
  • Чөмүлдүрүү күнүнө өзүңүздүн кантип ишенип калганыңыз жана Кудай сизди кантип өзгөрткөнү тууралуу күбөлүгүңүздү даярдап алсаңыз болот.

Мүмкүн болушунча эртерээк чөмүлүү күнүн белгилеңиз. Бардык чөмүлүү суроолоруна даярданып аларга жооп бериңиз.

Сууга чөмүлүү суроолору

  1. Кудай алдында күнөөлөрүңүздү мойнуңузга аласызбы?
  2. Кудай Ыйса Машаяктын курмандыгы аркылуу сиздин бардык күнөөлөрүңүздү кечиргенин билесизби жана ишенесизби?
  3. Эски жашооңузду көмүп, Кудай менен жаңы жашоону баштоого даярсызбы?
  4. Ыйсанын артынан ээрчип, эч качан артка кайрылбоого макулсузбу?
  5. Ыйсага ишенгениңиз үчүн сизди шылдыңдашса, сабашса, үй-бүлөңүз кубалап жиберсе, же башка кыйынчылыктарга туш болсоңуз дагы, Аны ээрчип жүргөнгө макулсузбу?
  6. Ыйык Рухту кабыл алгыңыз келеби?