download: Pdficon.png
Odticon.png
Version: 1.1

Күнөөлөрдү моюнга алуу жана тобо кылуу

Ачуу чындыкты угуу кыйын, айрыкча бул чындык өзүбүзгө тиешелүү болсо жана өзгөрүлүүбүздү талап кылса. Ачык айтканда, биз башкалардын туура эмес иштерин байкап, алардан кантип арылуунун жолун айтып, кеңеш бергенди жакшы көрөбүз; бирок биз чындап өзүбүздүн жашообузга көз чаптырсак, анда күн сайын жаман ойлорубузду, сөздөрүбүздү же иш аракеттерибизди көрө алабыз.

Ачуу чындыкка карата каршы туруунун ордуна, биз төмөнкү үч нерсенин бирин тандап алабыз. Биринчиден, көйгөйгө көңүл кош карайт экенбиз. Бардык күнөөлөрүбүздү этибар алып, жашырууга аракет кылабыз. Текебердигибизден улам же куру намыстанганыбыздан улам биз кечирим сурагандын ордуна эч нерсе болбогондой өзүбүздү алып жүрөбүз.
Экинчиден, өзүбүздү башкалар менен салыштырып, алар деле менден жакшы эмес деген ойго келебиз: "Менин кылган нерсем анчалык деле жаман эмес. Акыры, биз адамбыз да". Үчүнчүдөн, өзүбүздү актап, кырдаалды же өткөндү күнөөлөп, мындан башка айла жок болчу деп айтабыз.

Бул стратегиялар өзүбүздү сооротуп жана жүзүбүздү сактап калуу үчүн жасалган иш аракеттердин көрүнүшү болуп эсептелинет. Бирок чындыгында, алар тескерисинче бизди адилетсиздиктин жолуна түшүрүп, калпыбыз ачылып калбашы үчүн, жалган сөздөрдүн торуна байлайт экен. Биз ачуу чындыктын жарыкка келгенинен коркуп жашап калабыз. Ошол эле учурда, абийирибизге доо кетип, башкаларга жана өзүбүзгө канчалык зыян келтирип жатканыбызды уламдан-улам көрбөй, сезбей баштайбыз.

Өз кылмыштарын жашырган адам ийгиликке жетпейт, ал эми өз кылмыштарын мойнуна алып, аларды таштаган адамга ырайым кылынат. (Накыл сөздөр 28:13)

Күнөө деген эмне?

Биринчиден, «күнөө» деген сөз жалпы мааниде дүйнөнү жана адамдарды башкарып турган бир күчтү билдирет. Күнөөнүн айынан биз Кудайдан бөлүнүп калдык, бирок Ал бизге күнөөнүн туткунунан бошонуу үчүн чыгуу жолун сунуш кылып жатат. Эгерде биз Кудайдын сунушун кабыл алып, туура жолго түшсөк, Ал бизге жаңы жашоо берет - биз "жогорудан төрөлөбүз".

Эгер сиз жогорудан төрөлбөсөңүз же бул тууралуу маалыматыңыз жок болсо анда: “Кудайдын окуясы” жана “Чөмүлүү” баракчаларын караңыз.

Экинчиден, «күнөө» деген сөз Кудайдын буйруктарын атайлап бузууну билдирет. Эмне жакшы жана эмне жаман экендигин аныктоого бир гана Ал укуктуу. Кудайдын эрежелери жалпысынан эле жакшы болбостон, өзүбүздү да коргой алышыбыз үчүн орнотулган. Күнөө жүрүм-турумга гана байланыштуу эмес. Биздин иш-аракеттерибиз ойлорубуздан жана каалоолорубуздан улам келип чыгат эмеспи. Ыйса муну Матай 5:27-28-аяттарда түшүндүрөт: "Байыркы мезгилде жашагандарга: "Ойноштук кылба",- деп айтылганын уккансыңар. Мен болсо силерге мындай деп айтамын: аял кишиге кумарлануу менен караган адам өз жүрөгүндө ойноштук кылган болот."

Кудай бизди жеткилең болушубузду каалайт (Матай 5:48). Бул туура эмес нерседен качуу гана эмес, туура иш кылуу үчүн жоопкерчиликти да алуу керек дегенди билдирет:"Демек, ким жакшылык кылуу керек экендигин билип туруп, жакшылык кылбаса, ал күнөө кылган болот." (Жакып 4:17)
Жыйынтыктап айтканда, күнөө - бул Кудайдын нормаларына каршы келген бардык ойлор, сөздөр жана иш-аракеттер.

Күнөөнүн кесепеттери

Биз өзүбүзгө, башкаларга жана Кудайга каршы күнөө кетиребиз. Өзүбүзгө жана башкаларга каршы жасалган ар бир күнөө Кудайдын эли менен болгон мамилени түзүү эрежелерин бузуу болуп эсептелинет. Демек, бул автоматтык түрдө Кудайга каршы күнөө болуп эсептелинет. Күнөөнүн кесепеттери кимге таасир эткендигине байланыштуу аздыр-көптүр олуттуу болот: Бул менин оюм эле болдубу? Менин күнөөмдүн айынан, башкалар жабыркандыбы? Же мен башкаларды күнөөгө түрттүмбү?

Кудай каалаган нерсени жасабасак, анда шайтан каалаган нерсени жасаган болобуз. Шайтан ар дайым Кудай каалаган нерсенин карама-каршылыгын каалайт. Күнөө кылганда, биз шайтанга эшик ачып, ал жашообузга таасир эте баштайт. Башкача айтканда: Күнөө дайыма каргыш алып келет (мисалы: калп айткан адам шектүү болуп калат; ач көздүк дайыма нааразычылыкка алып келет; айыптоо сезим болсо, бизди шал кылат). Ушул каргыштан кутулуунун бирден бир жолу - күнөөнү моюнга алып, андан толугу менен баш тартуу. Ошондо биз шайтанга эшикти жабабыз.

Тобо кылуу кадамдары

Pray at the beginning: God, open my eyes to see my sin as you see it.

1. Күнөөнү моюнга алуу

Бул маселени курулай актаганды токтотуп, чынчыл болом:Кылган нерсемдин эмнеси туура эмес. Менин күнөөм көңүл бурулбай кое турган нерсе эмес, бул мага жана башкаларга терс таасирин тийгизип жатат. Мен эми күнөөлөрүм үчүн жоопкерчиликти өз мойнума алам.

2. Күнөөнү ачыкка чыгаруу

Кудайга каршы күнөөмдү мойнума алып, Андан кечирим сурайм. Эгерде мен башкаларга да каршы күнөө кылсам, анда ошол күнөөлөрүмдү мойнума алам жана кечирим сурайм.

3. Күнөөнү тазалоо

Эгерде менин күнөөм башкаларга зыян келтирсе, анда мен келтирилген зыяндын ордун толтуруу үчүн колумдан келген иш аракеттерди жасашым керек. Эгер кетирген катамды оңдоп-түздөөдөн качсам, бул кылган ишиме өкүнбөгөнүмдү билдирет.

4. Жаңыча ой жүгүртүү жана жашоо

Күнөөдөн баш тарткандан кийин, Кудай каалаган нерселерге өзүмдү бурам. Мен акылымды жана адаттарымды текшерип, Анын айткандарына ылайык жашап баштайм. Анын жолунан оңго да, солго да бурулбашым үчүн Андан жардам сурайм.

Акырында сураңыз: Ушул күнөөм үчүн Кудай мени кечирдиби?
Эгер жооп жок болсо, сизге колдоо көрсөткөн адамдын кеңешин сураңыз.

Эгерде күнөөлөрүбүздү мойнубузга алып ачык айтсак, ишенимдүү жана адилеттүү Кудай күнөөлөрүбүздү кечирет жана бизди бардык адилетсиздиктен тазалайт. (1 Жакан 1:9)

Кошумча кеңештер

Remorse
If I try to omit a step it’s a sign that I don’t really regret all of what I did.
Жардамчыныңыздын колдоосун пайдалануу
Тобо кылуу кадамдарды өз алдынча жасоо кыйынга турат. Күнөө жашыруун болбой калганда, ал күчүн жоготот. Ошондуктан Жакып 5:16 да ушул кадамдардан өз алдыбызча өтпөөгө чакырат:"Ошондуктан айыгышыңар үчүн, бири-бириңерге күнөөлөрүңөрдү ачык айтып, бири-бириңер үчүн сыйынгыла."
Абийирибиз
Ички үн сыяктуу, абийирибиз туура эмес иш жасаардын алдында бизди эскертет. Абийирибиз "туура" жана "туура эмес" деп эсептелген чөйрө менен шартталып, калыптанып калган. Бирок бул Кудайдын осуяттарына дайыма эле ылайык келе бербейт. Демек, биз бир гана абийирибизге ишене албайбыз. Кээде абийирибиз бизге жалган эскертүүлөрдү бериши мүмкүн, ал эми башка жагдайларда Кудайдын көз алдында кандайдыр бир күнөө болсо дагы ал эскертпей коюшу мүмкүн. Ошондуктан Кудай бир нерсени күнөө деп эсептесе, анда аны текшерип, биздин ой-сезимдерибизди ошого жараша калыптандырышыбыз керек.
Мен күнөөмдү кантип ачыкка чыгарышым керек?
Эгерде биз адамдарга каршы күнөө кетирген болсок жана биздин кылган иштерибиз башкаларга терс таасирин тийгизсе, анда биз алардын алдында тобо кылышыбыз керек. Эгер күнөөдөн көп адамдар жабыр тартса же күнөөм менин кызматыма тийиштүү болсо (мисалы, лидер катары), анда мен муну ар бир адамдын алдында же жыйындын алдында ачык айтышым керек. Эгерде мен өзүмдүн оюмда гана бир адамга каршы күнөө кылсам, анда ал адамга айтпай эле, Кудайга айтып сыйынуу керек.
Кайсынысы сизге ылайыктуу экендигин билбей жатсаңыз, ушул тууралуу жетекчиңизден сураңыз.

Өзүңүздү текшериңиз

Галатиялыктар 5:19—21 ди окуп, эки мүнөттүн ичинде Кудайга төмөнкү суроолорду берип, жоопторун жазып алыңыз:

Асмандагы Атабыз, Сизге жана башкаларга каршы кетирген күнөөлөрүмдү көрсөтүңүзчү мага?

Колдонуу

Адегенде кайсы нерселер үстүндө иштейин? Бул иште мени ким колдой алат?
Мындан ары кандай иш аракеттерди жасайсыз!