Version: 1.0

Түстүү линзалардан кутулуу

Чындыкты так көрүү

Ар бирибиз дүйнөнү өз көзүбүз менен ар башка көрөбүз. Чындык бир, бирок ар ким ар кандай майда-чүйдөлөрүн көрүп, аны ар башкача чечмелейт. Ошентип, дүйнөгө болгон жеке көз карашыбыз ушундайча түзүлөт. Биздин көз карашыбыз үй-бүлөбүзгө, маданиятыбызга жана башыбыздан өткөргөн нерселерге жараша калыптанат. Бул биздин бир жактуу болушубузга жана айланадагы кырдаалдын айрым жактарын байкабай калышыбызга себеп болот. Ошого байланыштуу Маанилүү маалымат бизге жетпей калышы да мүмкүн. Андан кийин биз өзүбүзгө же айланабыздагыларга зыян келтире турган туура эмес тыянак чыгарабыз.

Эгер салыштырсак,биз айлана чөйрөдөгү кырдаалдарды көз айнек аркылуу карайт экенбиз, көз айнектин линзалары кээ бир жерлерди чыпкалап, ал эми башкаларын бурмалап көрсөтөт экен. Мисалы, Кудай тууралуу түшүнүгүбүз религиянын таасири астында бурмаланып калышы мүмкүн. Же биздин мамилелерибиз ишенбестиктин таасири алдында калышы мүмкүн: Өзүбүздү иренжүүдөн коргогубуз келгендиктен жакын жана бекем мамилелерди түзүү кыйынга туруп калат. Көбүнчө биз бул линза жөнүндө билбейбиз, анткени биз ушул көз карашта эч нерседен кам санабай чоңойгонбуз. Бирок Кудай биздин чындыкты ачык-айкын көрүшүбүздү каалайт. Ал бизди туура эмес көз караштарыбыздан жана алардын бизге жана башка адамдарга тийгизген терс кесепеттеринен арылтууну каалайт.

Ыйса Жакан 8:31-32 де мындай дейт"Эгерде Менин сөзүм боюнча жашасаңар, анда Менин чыныгы шакирттеримсиңер. Ошондо чындыкты билип каласыңар жана чындык силерди эркин кылат".

Түстүү линзалардын чыгымы жана пайдасы

Айтып жаткан түстүү линза өзүбүзгө таасири тие турган чыгымга ээ: Маанилүү нерселерди кабыл ала албай же аларды туура эмес түшүнүп, туура чечим чыгара албаганыбыз менен. Эми мнеге биз дагы деле бул линзаларды тагынып жүрөбүз?

Себеби, алар биз үчүн жалпы көрүнөрлүк же жеке пайда алып келиши мүмкүн. Бул пайда субъективдүү жана тышкы көз караш менен караганда таптакыр мааниге ээ эместей сезилет. Мисалы, "кызгылт" көз айнек тагынып алып, тышкы жашоодогу жагымсыз нерселерди көрбөй, жашообузду жөнөкөйлөтүп алсак болот. Же башкаларга "жок" деп айтпаган "жардамчы" көз айнегин тагынып алсак, жардамчы катары элге таанылышыбыз мүмкүн, бирок акыр-аягы мындай иштин орду оңунан чыкпайт.

Көбүнчө бул чыгымдар менен пайдаларды сезбейт экенбиз - анткени, бул көз айнекти көптөн бери тагынып келгенбиз жана ал аркылуу көргөн көз карашка көнүп да калганбыз. Балким, бул көз айнекти биз жакшы көрүп, атүгүл ага көнүп да алганбыз. Ошого байланыштуу чындыкты көрүүгө такыр даяр эмеспиз. Же балким бул көрүнүш "туурадай" сезилип, "мен өзүм ушундаймын" деп ишенебиз.

Эгер биз чындыкты айта турган болсок, анда бул көз айнекти тагынганыбызда чындыгында айлана чөйрөдө эмне болуп жатканын көрбөйт экенбиз. Бул эмнени билдирет? Бул биз калпка, туура эмес нерселерге ишенип жаткандыгыбыздын белгиси. Мындай көз айнек менен күрөшүү ыңгайсыз болушу мүмкүн. Бирок андан арылуу аста-аста болсо да келечегибиз үчүн эң жакшы.

Түстүү линзалардан арылуу

Көрсө биз бир эле түстөгү линзаны тагынбастан, ар кандай түстөгү, ар башка көз карашты көрсөткөн линзаларды тагынып алат турбайбызбы. Ал эми Кудай бизди алардын бардыгынан бошотууну каалайт жана эмнеден биринчи баштоону жакшы билет. Ага түздөн-түз кайрылуу менен, биз Ага биз менен сүйлөшүүгө мүмкүнчүлүк беребиз. Процесс биздин Ага суроо берүүбүз менен башталат да андан соң Теңир биздин жашообузда орун алган көз айнекти ачып берет. Ошондой эле, ал көз айнектер биздин жашообузга каяктан жана качан киргенин көрсөтөт. Ыйсанын жардамы менен биз туура эмес көз-караштан арылып, көз айнекти чечип, чындыкты көрө алабыз.
Бизге жакшы болушу үчүн, Кудай бардыгын бир убакта ачып көргөзбөйт. Анткени андай кылуу биз үчүн өтө эле көп жана оор маалымат болушу мүмкүн. Тескерисинче Ал бизди кубаттап, биз менен чогуу этап-этабы менен алардан арылууну каалайт.

Колдонмо көрсөтмөсү

Жакшы жардамчынын колдоосун сураныңыз! Эгерде сиз өзүңүздү кыйнап жаткандай же кандайдыр бир деңгээлде ыңгайсыз сезип жатсаңыз, анда ал тууралуу ачык эле айтыңыз! Эгер сиз Кудай менен сүйлөшүүгө даяр болсоңуз, анда мындайча баштасаңыз болот:

1-кадам: Кудайдан сурануу

Кудай, мен Сени кайсы көз айнек аркылуу көрүп жатам?

Ыйык Рух, мен бул көз айнекти качан биринчи жолу тагындым?

Кудай сизге эмне болгонун көрсөтүүсүн сураныңыз. Эгер көз айнекти тагынганыңыз башка бир адамдын катышуусу менен болсо: Ал адамды сизге калтырган терс таасири үчүн кечириңиз (толугураак маалыматты “Кечирүү кадамдары” баракчасынан караңыз).

2-кадам:өкүнүү

Кудайым, бул көз айнекти көптөн бери тагынып жүргөнүм үчүн кечир мени. Суранам, кечире көр.

Эгер ушул көз айнекти алып салууга даяр болсоңуз, анда улантсаңыз болот:

3-кадам: Көз айнекти чечип, Кудайдын көзкарашын алуу

Кудайым, мен бул көз айнекти чечип, Сага бердим. Анын ордун Өзүңдүн батаң менен толтура көр.

Ал сизге берген нерсени кабыл алгандыгыңызды айтып сыйыныңыз. Ушул жаңы көрүнүш үчүн Кудайга ыраазычылык айтыңыз жана Ыйык Рухтан ушул көрүнүштү колдонууга жардам беришин сураңыз.

Кудайым, ушул жаңы көз карашка ээ болгонум үчүн сизге ыраазымын жана ушул көз-карашты сактап, колдоно алсам экен.

Кудайдан конкреттүү бир жагдайды дагы деле түстүү линзалар аркылуу көрүп жатамбы деп сурасаңыз болот. Төмөнкү суроодон баштаңыз:

Ыйык Рух мен кайсы көз айнек аркылуу көрүп жатам ...?

Кеңештер: мамилелер; жашоо; өзүм; белектерим; каражат; достук; жыйын