download: Pdficon.png
Odticon.png
Version: 1.2

Кудай менен болгон убакыт

Эгерде биз кимдир бирөөнү билгибиз келсе, ал менен үзгүлтүксүз байланышта болушубуз керек. Кудай менен болгон мамилебизде да дал ушундай: Аны жакшыраак таанып-билүү үчүн, Аны менен убакыт өткөрүүгө убакыт бөлүүбүз жакшы.

Кудай менен болгон убактыбыздын максаты

  • Кудайды даңктоо үчүн: Кудай мактоого жана Ага убакытыбызды бөлүүгө татыктуу.
  • Кудай менен сүйлөшүү үчүн: Сыйынуу учурда жүрөгүбүздө эмне болсо бардыгын Ал менен бөлүшөбүз. Анын үнүн угуу үчүн жана бизди жетектеши үчүн биз Кудайга кулак салабыз.
  • Үйрөнүү үчүн: Кудай бизди Өзүнүн Сөзү, Ыйык Китеби жана Ыйык Руху аркылуу үйрөтүүнү каалайт. Бул биздин рухий тамагыбыз.

Ыйык Китептеги мисалдар

Төмөнкү аяттарды карап, таблицаны толтуруңуз: Кайсы адам жөнүндө сөз болуп жатат? Бул адам Кудай менен убакытты качан, каякта жана кандайча өткөрүүдө?

Аят Адам Убакыт Жер Тагыраак?
Забур 5:3 Дөөт Эртең менен ? сыйынып, жооп күтүүдө
Даниел 6:11
Марк 1:35
Лука 6:12
Элч.иш 10:9
Элч.иш 16:25

Кудай менен болгон убакытка сунуштар жана куралдар

  • Ыйык Китеп: Ыйык Китептен үзүндү окуп, ал жөнүндө ойлонуңуз жана сыйыныңыз. Бул үчүн сиз жүрөк-баш-колдордогу суроолорду колдонсоңуз болот:
    Head-32.pngБаш: Эмнени үйрөнө алдык?
    Heart-32.pngЖүрөк: Жүрөгүмө кайсыл сөздөр тийди?
    Hands-32.pngКолдор: Кантип колдоно аламын?
  • Жер: Эч нерсеге алаксыбаш үчүн, Кудай менен жолугуша турган жерди тандаңыз.
  • Убакыт: Кудай менен ар дайым жолугууга ыңгайлуу убакытты табыңыз.
  • План: Ыйык Китеп тандаңыз. Башында Лука менен Элчилердин иштери (Жаңы Келишимде) китептерин окусаңыз болот.
  • Кыскача жазуулар жана бөлүшүү: Кудайга болгон суроолоруңузду, сиздин же досторуңуздун муктаждыктарын, Кудайдын жообун, кайсыл бир аяттардын жүрөгүңүзгө сүйлөгөнүн жазып же досторуңуз менен бөлүшүңүз ...

Менин Кудай менен убакыт өткөрүүгө болгон умтулуум

Убакыт:


Жер:


План: