download: Pdficon.png
Odticon.png
Version: 1.0

Айыгуу

Кудай асман менен жерди жаратканда, оору да, өлүм да болгон эмес. Бирок алгач адамдар Кудайга баш ийбегенден тартып, бизде дүйнө жүзү боюнча ооруулар болуп келет. Башында мындай болгон эмес, андыктан Кудай адамдарды сүйгөндүктөн бизди айыктырууну жана калыбына келтирүүнү каалайт. Бул үчүн Анын өзгөчө планы бар болчу: Куткаруучуну жиберүү. Ошол Куткаруучу жөнүндө Ыйык Китеп мындай дейт: " Бирок Ал биздин күнөөлөрүбүз үчүн жарадар болду, биздин мыйзамсыздыктарыбыз үчүн кыйналды. Бизге тынчтык болуш үчүн, Ал жазага тартылды, биз Анын жарааты менен айыктык." (Ышайа 53:5)

Бул Куткаруучу - Ыйса Машайак. Ыйса жерде жүргөндө, көптөгөн адамдарды айыктырган (мисалы:Лука 5:17-26). Кудайдын планына ылайык, Ыйса биз үчүн курмандыкка чалынып, жаңы жашоого ээ болушубуз үчүн үч күндөн кийин кайрадан тирилген. Азыр Ал жерде болбосо дагы, Ал ошол бойдон жана адамдарды айыктырууга, аларды бошотууга бардык күчкө ээ. Ал бизди Анын артынан ээрчип, айткандарына баш ийүүгө чакырат. Анын сунушун кабыл алып, эмоционалдык жана рухий жактан айыгуу бул Кудайдын көз алдында эң маанилүү нерсе.

Ыйса Ага ишенгендерге ооруулуулар үчүн сыйынып жана аларды айыктырууга күч берген. " Ыйса он эки шакиртин чакырып алып, аларга жиндерди кууп чыгууга жана оруулууларды айыктырууга күч жана бийлик берди. Аларды Кудайдын Падышачылыгын жарыялоого жана ооруулууларды айыктырууга жиберип жатып..." (Лука 9:1-2)

Кантип сыйынуу керек (кириш сөз)

  • Сыйынаардан мурда сурап алыңыз: “Көйгөй эмнеде? Эмне үчүн сыйынсам болот?"
    Ошондой эле (сыйынуудан кийин бир нерсе өзгөргөндүгүн билүү үчүн) "Ооруган жерлериңиз барбы же баары жакшыбы?" деп сураңыз.
  • Ыйса Машаяктын ысымынан колуңузду коюп кыскача сыйынаарыңызды түшүндүрүңүз жана алардын уруксаатын алыңыз.
  • Колуңузду (же эки колуңузду) аларга ылайыктуу коюңуз.
  • Сыйынып жатканда, ооруну же ооруп жаткан дене мүчөсүн атаңыз ж.б.
  • Сыйынып жатканда, бир нерсе болуп кетпеши үчүн, көзүңүздү ачып алыңыз.
  • Кыскача сыйыныңыз. Бир эле сүйлөм менен " Ыйсанын ысымынан буйрук кылам, ооруу бул адамдан кет!". Ушул жетиштүү.
  • Сыйынгандан кийин ал адамдан: «Бир нерсе сездиңизби? Азыр оорууну сезип жатасызбы?"
    Дагы сиз мындайча сурасаңыз болот: “0 саны (эч кандай оору жок), ал эми 10 (катуу ооруу) мурун кандай болгон? Эми кандай?"
    Эгер алардын ден-соолугу мурдагыдай начар боло берсе, анда дагы бир жолу текшерип өзгөрүү болгонун болбогонун сурап көрүңүз.
  • Сыйынууну уланта берүүнү сунуштаңыз. Көп учурда айыгуу этап-этабы менен же бир нече жолу сыйынгандан кийин болот.
  • Адам айыгып калганда: Ыйсага чогуу ыраазычылык билдириңиздер!

Эскертүү:

  • «Ыйсанын ысымынан сыйынуу» сыйкырдуу формула эмес. Бул Ыйсага кылган иши үчүн урмат көрсөтүү жана эгер адам айыгып кетсе, сыйынууга катышкан ар бир адам билиши үчүн колдонулган сыйынуу.
  • Сыйынуучулардын жок дегенде бири, Ыйса ал ададамды айыктыраарына ишениши керек. Ишенүү булчуңга окшош: аны канчалык көп машыктырсаңыз, ал ошончолук күчтүү болот. Эгер өзүңүздү муңайыңкылык сезип жатсаңыз, анда башка учурда же ушул тарапта тажрыйбасы көбүрөөк башка бирөө менен бирге сыйынууну сунуштаңыз.
  • Адамдарга өз денесине этияттык менен мамиле кылуусун билдириңиз, анткени алардын денесин алар гана жакшы билишет. Эгерде дары-дармек жазып берген адам дарыгер болсо, анда ал өзү айыгып кеткендигин тастыктап, дары-дармек ичүүнү токтотууга буйрук берген адам болушу керек.

Качан айыгуу келбегендей сезилсе ...

Айыгуу же өзгөрүү дароо эле сыйынгандан кийин боло бербейт, визиалдуу да болушу керек эмес. Бул ар кандай себептерден улам болушу мүмкүн:
Кечиримсиздик, күнөө (Жакып 5:15-16), туура эмес тамактануу, денебизге жакшы кам көрбөө, жиндердин кысымы же кол салуулар, ишенимибиздин жетишсиздиги (Матай 17:14-21) ж.б. Же бул жөн гана Кудай башка убакытты белгилегендиктен улам болушу мүмкүн (Жакан 11).

Көбүнчө, ушундай учурларда, ал айткан көйгөй чындыгында негизги көйгөй эмес болушу мүмкүн. Эми симптомдордун чыныгы себебин табууга жана аны менен күрөшүүгө негиз бар. Бул үчүн төмөнкү төрт сыйынууну колдонуңуз:

Керектүү төрт сыйынуу

  1. "Кудайым, ушул нерседе Өзүң даңктала көр."
  2. "Мага ушул жолу эмнени үйрөтөөрүңдү көрсөт."
  3. "Бул ооруунун себебин жана/же максатын ачып бере көр."
  4. "Кудай, эми эмне кылышым керек?

Ооруулуу адамдан балким Кудай сыйынуу учурунда ага бир нерсе эскертти, ошол тууралуу сураңыз. Кудай аларга же сизге бир нерсе ачканда, алгач ошонун үстүндө иштеңиз.

Дене менен рухтун байланышы

Бир нерсе туура эмес болгондо, жаныбыз денебизге кабар берет. Демек, физикалык көйгөйлөр биздин ички жашообуздун бир себеби жана көйгөйдүн белгилери гана болушу мүмкүн.

Мындай учурда денени айыктырууну сурап сыйынуунун пайдасы жок. Башында кичине өзүн жакшыраак сезиши мүмкүн, бирок бир аз убакыттан кийин белгилер кайра кайтып келет. Бул жерде биз рухий көйгөй менен күрөшүшүбүз керек ошондо физикалык белгилер өзү эле акырындык менен жок болуп кетет.
Ооруунун түрү көбүнчө рухий көйгөй жөнүндө белги берип турат.

Мисалы, моюн / желке оорусу
Туура эмес моюнтурук мени төмөн тартышы мүмкүн жана/же мен башкалардын жүктөрүн көтөрүп жүрөм (Матай 11:30 караңыз).

Бирок эч качан шашылыш чечим чыгарбаңыз - ар дайым Ыйык Рухту кунт коюуу менен угуп, сүйүү жана башкаларга жакшы болууну көздөгөн максат менен бирдикте иш жүргүзүңүз!