download: Pdficon.png
Odticon.png
Version: 1.1

Сыйынуу

Эмне үчүн сыйынуубуз керек?

Сыйынуу бул Кудай менен сүйлөшүү. Ошондой эле сыйынуу бул рухий жашообуз үчүн дем алуу сыяктуу. Кудай биз тууралуу кызыгат жана биз менен жакын мамиледе болууну каалайт. Биз башкалар менен кадимдикей эле мамиле түзгөндөй, Кудай да биз менен мамиле түзүүнү каалайт: бири-бирибиз менен канчалык көп жана ачык сүйлөшсөк, мамилебиз ошончолук тереңдеп, бекемделет.

Матай 6:5-13

Бул аяттан сыйынуу тууралуу эмнени үйрөнө алабыз?


Сыйынуунун алты түрү

Даңктоо
Кудайды Ким экендиги үчүн даңктагыла. (Забур 34:2)
Ыраазычылык айтуу
Анын ырайымы жана камкордугу үчүн ыраазычылык билдирүү. (1 Тесалоникалыктар 5:18)
Өкүнүү
Кайгы жана нараазычылыгыңызды Кудайга айтып сыйынгыла. (Забур 13:1-3)
Күнөөлөрдү моюнга алуу
Кудайдан күнөөлөрдүн кечирилишин суроо. (1 Жакан 1:9)
Өтүнүчтөр
Муктаждыктарга жардам берүүсүн сурануу. (Филипиликтер 4:6-7)
Бири-бирибиз үчүн сыйынуу
Башкалардын муктаждыктары үчүн сыйынуу. (1 Тиметейге 2:1)

Кудайдын эрки сыйынууга кандай таасир этет

Кудайдын эркине байланыштуу сыйынуунун үч түрү бар:

  1. Кудай эчак эле чечим чыгарып койгон
    Мисалы: "Теңир, мен кайрадан башка мезгилде жана башка жерде төрөлгүм келет."
    → Канчалык сыйынып тиленсеңиз да, эч нерсе өзгөрүлбөйт.
  2. Кудай биздин суранычыбыз чындыгында жакшы эмес экенин билет. Бирок токтотпой эле сыйына берсек жана Кудайдын бизге сүйлөгөнүн укпасак, акырында Ал "мейли" деп жооп берет да, анан биз ушундай сыйынуунун кесепеттеринен сабак алабыз.
    Мисалы: Кичинекей бала ата-энесине келип, стакандагы сууну столго өзү алып барууну өтүнөт. Ата-энеси стол ал үчүн өтө эле бийик экендигин билип бала менен чогуу көтөрүп барууну сунушташат. Бирок бала өжөр: “Жок! Мен аны өзүм алып барам! ” Акыры ата-энеси макул болушат. Бирок, алар күткөндөй эле, бала стаканды түшүрүп алат. Ата-энеси аны сооротуп, кургак кийим берип, сууну аарчышат да, дагы бир жолу алар чөйчөктү чогуу алып барууну сунушташат. Бул жолу бала макул болот. Ошондо баары кубанышат.
    → Сыйынып жаткан нерсеңиз чын эле жакшыбы? Туура ниет менен сыйынып жатасызбы?
    → Натыйжалар үчүн жооптуу болушуңуз керек.
  3. Кудайдын эркине ылайык сыйынуу
    → Кудай сыйынууну угат! Кудайдын эрки жөнүндө көбүрөөк билип анан сыйыныңыз. (1 Жакан 5:14)

Жолчырак: Кудайдын сыйынуубузга жооп бергени жолчырак сымал

“Ооба.” Жашыл түс Кудай макул жана сыйынууну орундатат.
“Жок.” Кызыл түс Кудай биз менен макул эмес, Ал башкача ойдо.
“Күтө тур.” Сары түс Кудай жооп бере элек (андыктан), сиз чыдамдуу болушуңуз керек.

Кудайды угуу

Кудай менен сүйлөшкөндөй эле, Ал да биз менен сүйлөшкүсү келет. Аны менен канчалык көп убакыт өткөрсөк, Анын үнү менен ошончолук тааныш болобуз. Бул тууралуу төрт негизги принцип:

Кудай алдында токтоо болуңуз
Тынч жер табыңыз жана ойлоруңузду топтоңуз. Ал эми сизди түйшүккө салып жаткан ойлорду Кудайга тапшырыңыз же болбосо бир баракка жазып коюп аларга ананыраак кайрылыңыз.
Көрө билүү
Кудай үн менен сейрек сүйлөйт, ошондуктан сизге кулагыңызга көңүл буруунун кажети жок. Андан көрө, ал биздин элестетүүбүздү колдонууну артык көрөт жана бизге көп нерсени "акылыбыздын көзү" менен көрсөтөт.
Күтүүсүз ойлор
Ыйык Рухту алгандан кийин, Ал биздин ой жүгүртүүбүзгө таасир этет. Ага жүрөгүбүздөн канчалык көп орун берсек, Ал ошончолук биздин ойлорубузду түздөйт. Чындыгында, Кудай катуу буйруктар менен сүйлөбөйт, тескерисинче, Ал акылыбызга келген ойлор менен назик сүйлөшөт.
Жазып алуу
Кудай менен болгон маектешүүңүздү, ошондой эле ага берген суроолоруңузду жана жооп катары алган ойлоруңузду жазып алганыңыз пайдалуу. Кудайданбы же жокпу деп өзүңүздү кыйнабай, ар бир ойду чыпкалабай эле жазып коюңуз. Кийинчерээк кээ бир ойлорго көбүрөөк

токтолуп, тереңирээк анализдей аласыз. (салыштыруу Хабакук 2:1-2)

Көбүрөөк кеңештер

  • Кудай менен башка адам менен сүйлөшкөндөй эле сүйлөшө алабыз. Ал биздин жүрөгүбүздүн ичинде эмне деп жатканыбызды угат. Айрыкча, биз башкалар менен чогуу сыйынып жатканда, Кудайга сыртыбыздан, үнүбүз менен сыйынсак болот .
  • Кээде сыйынууда бизге тырышчаактык керек: "Ыйса шакирттерине дайыма сыйынуу жана чөкпөө жөнүндө мындай үлгү-насаат аңгеме айтып берди". (Лука 18:1).
  • Биз каалаган убакта жана каалаган жерде сыйынсак болот.
  • Биз Ыйсанын ысымынан сыйынабыз (Жакан 14:13)Анын ысымы аркылуу эмне сурасак Ал аны аткарат. Кудай бизге үйрөткөндөй сыйынуубуз зарыл. Манилүү нерсе: "Ыйсанын ысымынан сыйынуу" деген кандайдыр бир сыйкырдуу формула эмес.
  • Кудай бизге Ыйса аркылуу сыйынууда колдоно алгыдай бийлик берди. Демек, биз жарыялай алабыз (бата берүүдө, күнөөдөн баш тартууда, оорудан айыктырууда). Ошондой эле жиндерди кубалоодо буйрук да бере алабыз. (Лука 9:1-2)

Колдонуу

Сыйынуунун алты түрүнүн (даңктоо, ыраазычылык айтуу, өкүнүү, күнөөнү моюнга алуу, өтүнүч, бири-бирибиз үчүн сыйынуу)кайсынысын сыйынууңузда көбүрөөк колдонгуңуз келет?

Кудайга кандай суроолорду берсеңиз болот? Кайда жана качан суроону берүү туура болот?

Максаттарым: