download: Pdficon.png
Printpdficon.png
Odticon.png
Version: 2.0

Ыйык Китепти окуу кеңештери

Кудай Өзүнүн Сөзүн, Анын Ким экендигин жана Анын эркин билишибиз үчүн берди. Биз Ыйык Китепти Аны жакыныраак таанышыбыз үчүн жана бизге калтырган осуяттарын аткарышыбыз үчүн окуйбуз. Бул принциптер бардык жерде бирдей. Суроо: Кайсыл китептен окуп баштоо керек? Сиздин турмушуңузга жана башыңыздан өткөргөн окуяларга таянып кеңештерди бере алабыз. Бул версияларда негизги түзүмдөр окшош келет, бир гана сунушталган окуулар айырмаланат. Төмөндө Лука жана Элчилер иштери китептеринен окууну баштоону сунуш кылган "стандарттык" версияны көрө аласыз.

Ыйык Китепти Окуу Кеңештери (Үмүткө толгон жети аңгеме)

  • Жаңы Келишимдеги жети окуяны камтыйт
  • "Заманбап Батыштан" билими бар бир туугандарга.

Ыйык Китепти Окуу Кеңештери (Жаралуудан баштоо)

  • Башталыш, Матай жана Элчилердин иштери китебинен окууну сунуштайт
  • Мусулман коомунда жашаган бир туугандарга.

Ыйык Китепти окуу кеңештери

Ыйык Китепти окуп баштаганда, төмөнкү китептерден баштаңыз:

1. Лука жазган Жакшы Кабар
2. Ыйык элчилердин иштери

Ыйык Китепти окуурдун алдында ар дайым сыйынуу менен баштаңыз: Кудайдан эмнени окуй тургандыгыңызды түшүнүүгө жардам беришин сураңыз.

Текстти түшүнүү жана үйрөнүү үчүн суроолорго жооп бериңиз.

Окугандан кийин ойлоруңузду башкалар менен бөлүшүңүз, суроолоруңузду жана Кудай сизге айтып жаткан нерселерди жазып алыңыз.

Ыйык Китепти Окуу тобу

Жолугушуунун кыскача баяндамасы:

1. Кандайсыз?(Учурашуу)
2. Жоопкерчиликти сезүү
Ыйык Китепти окуганда түшүнгөн нерсеңизди акыркы жолу качан практика жүзүндө колдоно алдыңыз?
3. Ыраазычылык билдирүү
Өткөн жумада сиз менен кандай жакшы нерселер болду? Кудайды даңктаңыз.


4. Үзүндүнү
чогуу окуңуз. Түшүнүү үчүн Кудайдан жардам сураңыз.
5. Бул үзүндүнү
китепти карабастан айтып бериңиз.
6. Үзүндү тууралуу
жооп бериңиз:
Head-32.pngБаш: Эмнени үйрөнө алдык? (Кудай / адамдар тууралуу / ...)
Heart-32.png Жүрөк: Жүрөгүмө кайсыл сөздөр тийди? (Мен бул тууралуу кандай ойдомун ... ?)
Hands-32.png Колдор: Жашообузда кантип колдоно алабыз? (Үлгү алуу керекпи? Ким менен бөлүшө алабыз?)



7. Максаттар
Кийинки жолугушууга чейин максат коюңуз.
8. Сыйынуу
Бири-бириңер үчүн сыйынууга убакыт бөлүңүз.

Эрежелер:

  • Ыйык Китеп осуяттарын кармануу
  • Катышуучуларга мүмкүнчүлүк берүү
  • Бири-бирибизди колдоо